Previous Next

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) демилгеси менен ар жылы октябрдын экинчи бейшембисинде Бүткүл дүйнөлүк көрүү күнү (World Sight Day) белгиленет.

Бул күн календарда көрбөй калуу, көрүүнүн бузулушу жана көрүүсү бузулган адамдарды реабилитациялоо көйгөйлөрүнө ааламдык көңүл бурдуруу үчүн белгиленген. Бүткүл дүйнөлүк көрүү күнүн өткөрүүгө ушул көйгөй менен байланышкан ар кандай уюмдар катышат. Бул күн көрбөй калуунун алдын алуу боюнча ДССУ жана Көрбөй калуунун алдын алуу боюнча эл аралык агенттик тарабынан түзүлгөн “Көрүү 2020: көрүүгө болгон укук” ааламдык демилгесинин негизги окуясы болуп саналат.

Сокурдук – бул көрбөй калуу. Өнөкөт көрбөй калуунун белгилүү себептери катаракт, глаукома, сары тактын курактык дегенерациясын, көздүн сыртындагы тунук кабыкчанын тунарышы, трахома жана балдардын көз оорулары (мисалы А витамининин жетишсиздигинен келип чыгат) эсептелет. Дүйнө жүзүндө жаш улгайган сайын өөрчүй турган көрбөй калуу, ошондой эле көзөмөлдөнбөгөн диабеттен келип чыккан көрбөй калуу барган сайын кеңири кездешип жатат.

Көрбөй калуунун алдын алуу боюнча Эл аралык агенттиктин маалыматтары боюнча, болжол менен 284 адамдын көрүүсүндө көйгөйлөр бар, алардын ичинен 39 миллиону такыр эле көрүшпөйт. Көздүн оорулары 19 миллиондон ашык балдарды жабыркатат.  Көрбөй калуунун 80 %га жакынын өз учурунда дарыласа ага бөгөт коюуга мүмкүн болмок.

Көздүн көрүүсүн кантип сактап калуу керек?

Көрүүсү начарлаган көзгө кандай конкреттүү аракеттер колдоо көрсөтө алат, ал эми көрүүсү жакшы көздөргө – ушул абалды бир канча жылдарга узартууга кантип жардам берүүгө болот?

Биринчи кезекте – бул көрүү органдарынын нормалдуу иштеши үчүн туура, тең салмактуу азыкты камсыздоо. Белгилүү болгондой, көз баарынан дагы ретинолду жакшы көрөт. А витамини черника, тооктун жумурткасы, каймак майда көп өлчөмдө камтылган.  Ошондой эле көз үчүн алардан кем калбаган пайдалуу башка витаминдер: адамдын организминде жогоруда эске салынган ретинолго айлануучу аскорбин кычкылы, B2 жана бета-каротин бар. Акыркысы, көздүн торчосундагы эркин радикалдарды жок кылуучу антиоксидант жана ал сабиз, помидор, ашкөк жалбырактарында камтылган.

Омега-3 май кислоталары көздүн торчосунун нормалдуу иштеши үчүн бета-каротин, лютеин жана зеаксантиндей эле  абдан маанилүү болгон антиоксиданттык касиеттерге ээ.

Биринчилерди В витаминине бай келген кызыл балык, зайтун майынан, экинчилерин – ашкабак, шпинаттан алууга болот. С витамини клюква, ит мурундун мөмөлөрү, карагатта камтылган.

Эгерде көрүүнү ушул абалында сактагыңыз келсе көздүн көрүүсү үчүн зыяндуу болгон жаман адаттардан кутулуу абдан маанилүү. Чылым чегүү жана алкоголь ичимдиктерин ашыкча колдонуу көрүүгө кандайча таасирин тийгизет деген мыйзам ченемдүү суроо пайда болушу мүмкүн. Тамеки түтүнүнүн никотин жана башка уулуу компоненттери торчону жана көрүү нервдерин бузат, көздүн былжырлуу катмарынын сезгенүүсүнө алып келет, жарыкты кабыл алуу функциясына зыян келтирет. Бир катар учурларда чылым чегүү адамдын көрүүсүн бузат, офтальмологдор бекеринен “тамеки сокурдугу” түшүнүгү менен операция жасап жатышкан жери жок.

Акоголь тууралуу айтсак, ал баш мээни нейрондук деңгээлде бузуучу болуп саналат. Спирт ичимдиктеринин таасири менен айланадагы дүйнөнү көрүү кабыл алуусу жабыркайт, анын деңгээли жана сапаты төмөндөйт.  Медициналык тажрыйбада “көрүү нервинин уулануусу” термини көптөн бери эле өкүм сүрүп келе жатат.

Башка органдар сыяктуу эле көз белгилүү бир күч келтирүүдө чарчайт. Ошондуктан кайгылуу кесепеттерге бөгөт коюу үчүн көздүн көрүүсүн аёо керек. Эгерде китеп окуп жатсаңар көздөн баштап буюмга чейинки минималдуу аралыкты (бул 30-35 см) сактагыла. Сыналгы көрүп жатканда – экранга анчалык жакын отурбагыла (аз дегенде 2 м). Компьютерде көп жана узакка чейин отурууга туура келет – ар бир 40 мүнөттүн кийин бери дегенде 10 мүнөт эс алгыла. Көрүүгө күч келтиргенден кийин көз үчүн көнүгүү жасагыла.

Эгерде сиздин көрүүңүз начар болсо, дарыгер-офтальмолог коррекциялоо үчүн көз айнек жазып берсе, аларды тагынуудан уялбагыла. Анын үстүнө кыйла ыңгайлуу жана сыртынан жагымдуу болгон альтернатива – контакт линзалары бар. Адиске көзүн үзгүлтүксүз текшертип туруу мүмкүн болгон көйгөйлөрдү эң эле эрте баскычтарында аныктоого, ага ылайык – алдын алуунун заманбап чараларын көрүүгө жана чоң көйгөйлөрдөн качууга мүмкүнчүлүк берет.


Басып чыгаруу