Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) чылым тартпаган адамга караганда тарткан адамдар операциядан кийинки өпкөнүн, жүрөктүн иштешинин бузулушу, инфекцияларга кабылуу, жарааттын айыгуу процессинин жайлаша же бузулушу сыяктуу татаалдашууларга көбүрөөк кабылышаарын   маалымдайт.

Буга карабастан, хирургиялык кийлигишүүлөрдөн 4 жума же андан ашык убакыт мурунураак чылым чегүүдөн баш тартуу операциядан кийинки татаалдашуулардын тобокелдигин бир катар азайтып, операциядан кийинки алгачкы алты ай аралыгында калыбына келүү динамикасын жакшыртууга алып келет. Тамеки

тарткан адамга салыштырмалуу аны таштаган адам анестезиянын татаалдашуусуна азыраак кабылат.

ДССУ, Ньюкасл Университети (Австралия) жана Анестезиологдор коомунун дүйнөлүк федерациясы биргелешип өткөргөн жаӊы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, чылым чегүүдөн баш таркандан 4 аптадан кийин жана ар бир кийинки чылымсыз апта маанилүү органдардын кан менен камсыздалышынын жакшырышына байланышкан операциялардын ийгиликтүү жыйынтыктарын 19%га жогорулатат.

“Докладда келтирилген маалыматка ылайык, чылым чегүүдөн баш тартууга убакыт берүү үчүн анча чоӊ эмес же шашылыш болбогон хирургиялык операцияларды кийинкиге жылдыруу хирургиялык кийлигишүүлөрдүн жакшы жыйынтыгынын кепилдиги болуп саналат”, - деп түшүндүрдү  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси доктор Винаяк Прасад.

Тамеки түтүнүндөгү никотин жана көмүртектин моноксиди кандагы кислороддун деңгээлин азайтууга алып келиши жана кардиологиялык операциядан кийинки татаалдашуу  коркунучун кескин жогорулатышы мүмкүн.  Тамеки тартуу өпкөнүн иштешине да чоң зыян алып келет, анын жыйынтыгында өпкөгө жасалган операциядан кийинки татаалдашуу  коркунучу да кескин жогорулайт. Мындан тышкары, бейтаптын иммундук системасынын иштешин да бузат,  жарааттын айыгуу процессин жайлатып, инфекцияга кабылуу тобокелдигин жогорулатат. Болгону бир даана тамекини чегүү организмдин жаракат алган ткандарга операциядан кийинки калыбына келүү үчүн керектүү болгон азыктандыруучу заттарды ташып жеткирүү мүмкүнчүлүгүн азайтат.


Басып чыгаруу