Колдо бар алтындын баркы жок дегендей, жоготкондон кийин гана биз көздүн көрүүсү канчалык маанилүү экендигин түшүнө баштайбыз. Кантсе да, жакшылап ойлонуп көрсөңүз – эгерде көзүбүз көрбөй калса кантип жашамакпыз. Бул жерде, тилекке каршы, тубаса мүмкүнчүлүктөн ажыраган адамдар жөнүндө сөз болгон жок. Тагдыр КӨРҮҮГӨ мүмкүнчүлүк берген жер шарынын көпчүлүк жашоочулары жөнүндө сөз болуп жатат. Бизди курчап турган дүйнөнүн бардык сулуулугун көрүү, күндүн чыгышын жана батышын көрүү, дарыядагы суунун агымынан ыракаттануу, күйүп жаткан оттун термелиши, гүлдөп турган өрөөндөр жана башка көптөгөн нерселер бизди курчап турат. Бул кереметтердин баарын көрүү бактысын бизге эки көз, нерв жана мээдеги көрүү борборлору камсыз кылат. Ушул мүмкүнчүлүктү бир заматта жоготуп алсак эмне болот? Мындан эч ким корголгон эмес. Ошондуктан көрүү органдарына кылдат мамиле жасоо, көз ооруларын өз убагында дарылоо жана алдын алуу бизге кандайдыр бир деңгээлде көрүүнү толугу менен сактоого жардам берет.

Көрүү органдарынын бардык ооруларынын арасында эң көп кездешкендери тууралуу сөз кылууну чечтик. Алардын айрымдары көрүүнүн начарлашына байланыштуу, калгандары ушул органдардын патологиялык өзгөрүүлөрү менен мүнөздөлөт, бул көрүүнүн жарым-жартылай же толугу менен жоголушуна алып келет.

Көздүн көрүү функциясынын бузулушуна байланыштуу жаралган көйгөйлөргө төмөнкүлөр кирет:

Алысты көрбөөчүлүк же миопия - адамдан бир канча аралыкта жайгашкан объектилерди көрүү мүмкүнчүлүгү жоголгон оору. Бул көздүн тор кабыгынын алдындагы предметтин фокусуна байланыштуу. Аралыктагы объектини көрүү үчүн адам туура фокусту табууга аракет кылып, тынымсыз көзүн жарым жартылай жумуп турушу керек.

Жакынды көрбөө же гиперпопия – жакын аралыктагы предметтерди жакшы айырмалап көрө албай калчу оору. Көзгө тийген нурлардын фокусу көздүн тор кабыгынын артында жана аны менен дал келбейт. Бул ооруга кабылган адам анча чоң эмес аралыктагы нерселер менен иштөөдө, китеп окууда кыйынчылыктар жаралат. Бул кыйынчылыктар кеч киргенде ого бетер күчөйт.

Астигматизм - көздүн сынуу жөндөмдүүлүгүнүн патологиясы. Көрүү органдарынын мындай оорусунда жарык ар кандай бурчта өтөт. Торчодо ар бир чекит бүдөмүк болуп көрүнгөндүктөн, предметтин так сүрөтү алынбайт.

Органдардагы жана структуралардагы патологиялык өзгөрүүлөргө байланышкан көз ооруларына төмөнкүлөр кирет:

Пресбиопия же жашка байланыштуу гиперпопия - бул жаш курагына жараша пайда болгон физиологиялык процесс. Мындай учурда көздүн хрусталиги тыгыз болуп, ийкемдүүлүгүн жоготот. Мисалы, 40 жашка чейин кадимкидей көрүүсү бар адам алысты көрө билүүгө +1, 50 жашка чыкканда - +2, ошондуктан ар бир 10 жылда +1ге өтүп кетиши мүмкүн.

Глаукома - көз басымынын жогорулашы менен мүнөздөлгөн көздүн патологиясы. Бул көздүн ичиндеги суюктуктун бөлүнүп чыгышынын натыйжасында пайда болот. Көздүн катуу сыздап оорушу, баштын оорушу жана жарым-жартылай сокурлукка алып келген өтө жагымсыз оору.

Катаракта - бул хрусталиктин тунарышынан көзү көрбөй калган оору.

Кератоконус - бул көздүн чел кабыгынын оорусу, анда анын ийрилиги күчөйт, борбору жукарып, натыйжада кабыктын тырыктары пайда болот.

Торчонун патологиясы- көбүнчө көздүн тор кабыгынын катмарларга ажырашы кездешет. Бул оорулар көбүнчө миопияга мүнөздүү.

Көздүн сезгенүү оорулары- аларга кабактын четинин сезгениши (блефарит), конъюнктиванын сезгениши (конъюнктивит), кабыктын сезгениши (кератит), тамырлар жайгашкан кабыктын сезгениши (хороидит, иридоциклит, ирит) кирет.

Жогоруда айтылган көздүн көйгөйлөрүнүн бардыгы убактылуу же биротоло көрүүнүн начарлашына алып келиши мүмкүн. Бул көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн, эксперттер үзгүлтүксүз жылына жок дегенде бир жолу офтальмологго текшерилип турууну сунуш кылышат. Убагында туура диагноз коюу жана дарылоо адамдын көрүүсүн сактоого жана анын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет.

Эгерде сиз көрүүңүздү жана көзүңүздүн ден соолугун сактап калгыңыз келсе, анда бул жөнөкөй эрежелерди сактаңыз.

Эрежеси менен окуңуз. Отурган абалда китепти кеминде 30-35 см аралыкта кармап окуу керек. Балдар китепти оптималдуу кыйшайтууну камсыз кылган атайын стендди колдонсо болот. Жатып жатып окуганга болбойт - мындай абалда китептин бир кыры экинчисине караганда жакыныраак болот, демек, көздүн сапты тиктөөдөгү абалы өзгөрүлүп турат. Коомдук транспортто окууга да болбойт. Себеби көзүңүз, унаанын же автобустун башаламан кыймылынан улам, тамгаларга тынымсыз көңүл бурууга мажбур болот, бул көрүү органдарына күч келтирет.

Иштеген жериңиз көзгө ыңгайлуу болсун. Иштөө учурунда көрүүнүн начарлашына жол бербөө үчүн, компьютердин мониторун экран чагылышпагандай кылып, үстүңкү чети көздүн деңгээлинен бир аз ылдый болушу керек. Экрандагы сүрөттөр жана белгилер фонго караганда он эсе жарык болуп турушу үчүн, жарык жана контрастты жөнгө салыңыз. Мониторуңузду ар дайым сүртүп туруңуз.

Өзүңүзгө бир аз эс алууга мүмкүнчүлүк бериңиз. Балдарга жана чоң кишилерге көз ооруларынан сактоонун алтын эрежеси - компьютерде узак убакыт иштөө учурунда тыныгуу алуу. Бул тыныгуулар үч-беш мүнөткө созулуп, кырк мүнөт сайын кайталанышы керек.

Дене тарбия жана спорт. Спорттук иш-чаралар ооруну баштапкы этаптарында көрүүнү чыңдоого жана анын курчтугун калыбына келтирүүгө жардам берет. Идеалында, көздү дайыма буруу зарыл болгон машыгуунун ушул түрүнө артыкчылык бериш керек, мисалы, бадминтон, теннис, баскетбол, футбол.

Суу процедуралары. Контрасттуу суу менен дарылоо көздүн тор кабыгындагы кан айланууну жакшыртат. Эртең менен, көзүңүздү жылуу жана муздак таза суу менен кезектешип 10 жолу жууңуз. Альтернатива ысык жана муздак компресстер болушу мүмкүн, аларды кезек менен көздүн кабагына сүйкөө керек.

Витаминдерге бай азыктар менен тамактануу. Көрүүнү сактоо үчүн каротиноиддерге, айрыкча лютеин менен зеаксантинге бай азыктар сунушталат. Каротиноиддерден тышкары, бета каротин, С витамини, Е витамини, ошондой эле цинк жана омега-3 май кислоталары сыяктуу антиоксиданттар көздүн көрүүсүнө жакшы таасир этет. Бул пайдалуу заттар апельсин, сабиз, киви, жашыл жалбырактуу жашылчаларда (Брюссел капустасы, шпинат), болгар калемпиринде, ошондой эле жаңгактарда, буурчакта, сүт азыктарында жана жумурткада көп.

Көзгө көнүгүү жасоо. Атайын көнүгүүлөр көздүн ткандарын кан менен камсыздоону жакшыртууга, көз булчуңдарынын тонусун, ийкемдүүлүгүн жана күчүн жогорулатууга, көздүн булчуң эттерин чыңдап, чарчоону басууга жакшы таасир этет. Көз гимнастикасын жасоонун көптөгөн ыкмалары бар. Биз эң жөнөкөй бирөөсүн сунуштайбыз. Аны жумуштан же окуудан тыныгуу учурунда бала дагы, чоң адам дагы колдоно алат.

  • • Көзүңүздү жумуп, алгач оңго, андан кийин солго караңыз. 10 жолу кайталаңыз.
  • • Көзүңүздү ачпастан, көзүңүз менен сааттын жебеси боюнча жана карама-каршы багытта тегерек кыймылдарды жасаңыз (ошондой эле 10 жолу).
  • • Көзүңүздү ачыңыз, каректерди мурундун кырына алып барыңыз (10 жолу).
  • • Алдыңыздагы жакынкы жана алыскы объектилерди тандап алып, көздүн фокусун биринен экинчисине жылдырып караңыз.
  • • Акыры, кайрадан көзүңүздү жумуп, тамгаларды, сандарды же фигураларды мурундун учу менен абада тартыңыз.

Балдардын көрүүсүнүн бузулушун алдын алуу

 

Балдардын көрүүсүнүн бузулушун алдын алуу максатында төмөнкүдөй чаралар көрүлөт:

  • • Баланын көзү жакшы көрүш үчүн, мектепте көзү досканы бир бурчтан карап көнүп калбашы үчүн, жыл ичинде аны бир нече жолу ордун которуу керек.
  • • Балдардын көрүү органдарына зыян келтирбестен компьютерде же планшетте ойноонун, ошондой эле сыналгы көрүүнүн оптималдуу убактысы күнүнө бир жарым саат, ал эми мектепке чейинки курактагы бала үчүн 30 мүнөт.
  • • Ата-энелер дагы баласы активдүү жашоо образын кармануусу жана спорттун командалык түрү менен машыгуусу үчүн кам көрүшү керек.
  • Сөзсүз түрдө баланын көрүүсүнө пайдалуу витаминдерге бай азыктарды колдонуу керек.

Басып чыгаруу