Узак жашоого эмне тоскоол болот? Бул суроого жооп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндөгү бардык өлүмдөрдүн 70% түзгөн жугуштуу эмес оорулардын жайылышына байланыштуу.

Көпчүлүк өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстанда да жугуштуу эмес оорулар калк арасындагы майыптыктын, оорулардын жана мезгилсиз өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

Өнөкөт оорулар деп аталган жугуштуу эмес оорулар, адамдан адамга жукпайт. Алар билинбей пайда болуп, жай өөрчүйт.

 Жугуштуу эмес ооруларга жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, рак жана өнөкөт респиратордук оорулар кирет. Бул оорулар бириктирилген, анткени алардын тобокелдик факторлору бирдей.

Тобокелдик фактору - бул оорунун ыктымалдыгын жогорулатуучу таасир, абал же жүрүм-турум.

ЖЭО тобокелдик факторлору эки топко бөлүнөт:

1-топ - бул биз таасир эте албаган факторлор: курак, жыныс, тукум куучулук.

2-топ - бул биз таасир эте турган факторлор: жашоо образы жана айлана-чөйрө менен байланышкан факторлор.

Жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда жашоо образына байланыштуу тобокелдик факторлору көбүрөөк мааниге ээ: туура эмес тамактануу, аз кыймылдуулук, алкоголь жана тамеки колдонуу.

Аталган тобокелдик факторлорунун таасиринин төмөндөшү адамдын ден-соолугун бир кыйла жакшыртат жана 50% га жакын ЖЭОдон келип чыккан өлүмдөрдүн алдын алат.

 


Басып чыгаруу