Жыл сайын февраль айында рак оорусу тууралуу түшүндүрмөлөр берилип атайын иш чаралар өткөрүлүп келет. Негизги максаты - элге эң коркунучтуу илдеттердин бири экенин түшүндүрүү, оорунун алдын алуу, аныктоо жана дарылоонун маанилүүлүгүн коомго жеткирүү.

Кыргызстанда, деги эле жалпы дүйнө жүзүндө рак оорусуна кабылгандардын саны өсүүдө. Тилекке каршы бул илдетке чалдыккандардын арасында жаштар да жок эмес. Кыргызстанда илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү:

- биринчи орунда - ашказандын рак оорусу,

- экинчи - сүт безинин рагы,

- үчүнчү - жатын моюнчасынын рагы,

- төртүнчү - өпкө рагы.

Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандар борбор калаадагы Улуттук онкология жана гематология борборуна келип дарылана алышат.

Онкологиялык оорулар менен күрөшүү быйыл: "МЕН БАРМЫН жана БОЛОМ" деген ураандын астында өтүүдө.


Басып чыгаруу