Рак - организмдин кайсы бир бөлүгүн жабыркатуучу 100дөн ашык оорунун жалпы аталышы.

Рак дүйнөдө катталаган өлүмдөрдүн негизги себептеринин бири. Бул илдет кооптуу жана өзгөрүлмө, күн санап өөрчүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана жылдан-жылга жаштар жана балдар арасында да көп каттала баштады. Илимпоздор илдетти натыйжалуу дарылоо жолдорун издөөдө бир топ ийгиликтерге жетишти, бирок иш дагы деле болсо уланууда.

Рак шишиги узак убакытка чейин билинбей, организмде эч симптомсуз өрчүшү мүмкүн. Ушул себептен көп учурда өтө кеч, күрөшүүгө мүмкүн болбой калганда гана билинет. Антсе да, тамеки түтүнү сыяктуу белгилүү канцерогендерден алыс  болуу менен рак ооруларынын 40% чейин алдын алууга болот.

Кооптуулугуна жана оор кесепеттерине карабастан, рак дайыма эле өкүм эмес. Убагында дарыланып турса бул илдет менен көп жылдар бою жашоого болот. Бирок, көпчүлүк дагы эле организмде шишиктердин пайда болуусу ар дайым өлүмгө алып келет жана мындай кырдаалда дарылоонун мааниси жок деп эсептешет. Калк арасындагы ушул сыяктуу пикирлерди жок кылуу жана илдет тууралуу туура жана маанилүү маалыматтарды жайылтуу үчүн, Ракка каршы күрөшүү күнү 2005-жылы негизделип, ошондон бери жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара болуп саналат.

Рак ооруланынын коркунучтуу факторлору

ДССУнун маалыматы боюнча, рактын пайда болуу коркунучунун негизги факторлору төмөнкүлөр:

- тамеки чегүү

- алкоголдук ичимдиктерди ичүү

- туура эмес тамактануу

- физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги

Булар башка бардык жугуштуу эмес оорулардын негизги төрт тобокелдик фактору болуп саналат.

Оорунун алдын алуу чаралары

Ичкиликтен жана тамеки тартуудан баш тартуу. Тамеки тартуу рактын 15ке жакын түрүн пайда кылаары аныкталды. Ошондой эле, алкоголдук ичимдиктерди азайтуу ооз көңдөйүнүн, кекиртектин, кызыл өңгөчтүн, ичегилердин жана көкүрөк рак оорусун азайтат.

Спорт менен достошуу. Спорт менен машыгуу жана салмакты нормада кармап туруу көкүрөк, боор, бөйрөк, жатын рагы сыяктуу оорулардын азайышына жардам берет.

Күн нурунун түз тийүүсүнөн коргонуу. Күндүн нурларынын жана солярийдин ультрафиолет нурларынын ашыкча таасири теринин рак оорусунун тобокелдигин жогорулатат.

Жыл сайын медициналык кароодон өтүп туруу. Жылына бир жолу мүмкүн болгон ооруларды, анын ичинде эң оор дарттарды өз убагында аныктоо жана дарылоо үчүн медициналык кароодон өтүү керек. Ракты эрте аныктоо айыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Эмдөө. Бардык онкологиялык оорулардын болжол менен 16% вирустун кесепетинен пайда болгон өнөкөт оорулардан келип чыгаары далилденген. В жана С вирустук гепатиттери боор рагынын өнүгүшүнө алып келет; адамдын папилломавирусу - жатын моюнчасынын рагынын өнүгүшүнө; Хеликобактер пилори бактериялары ашказан рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатат. Бүгүнкү күндө боордун жана жатын моюнчасынын рак оорусунан коргой турган В гепатитине жана адамдын папилломавирусуна каршы вакциналар бар.

Рактын белгилерин өткөрүп жибербе

Эгер сизде:

  • • олуттуу негизсиз салмак жоготуу,
  • • дене таптын узак убакытка чейин жогорулашы,
  • • дененин кайсы бир бөлүгүндө шишиктердин пайда болушу, лимфа түйүндөрүнүн катуулашы жана чоңойушу.
  • • эч себепсиз тез-тез кан агуу (мурундан, жыныс органдарынан кан агуу, заңдагы жана заарадагы кан).
  • • Меңдердин жана сөөлдөрдүн пайда болушу, өсүшү же түсүнүн өзгөрүшү.
  • • Түшүнүксүз келип чыккан баш оорулары, координациянын, угуунун, көрүүнүн начарлашы байкалса

ТЕЗИНЕН дарыгерге кайрылыңыз!


Басып чыгаруу