Гигиена - ден соолукту сактоо жана чыңдоо жөнүндөгү илим.

Дененин гигиенасы теринин таза болушун талап кылат, себеби тиричиликте анын мааниси чоң. Тазалык – ден соолуктун булагы деп бекеринен айтылбаса керек. Эгерде балаңыздын ден соолугу чың болсун десеңиз, анын өздүк гигиенасына көңүл бурууну унутпаңыз. Себеби, канчалык бала жаш болсо, ошончолук анын териси назик жана микробдорго туруштук бере албайт. Бир аз эле кирдеп кетсе, денесине ысыктар чыгып, алар көбөйүп кетсе ден-соолугуна гана эмес, өмүрүнө да коркунуч туудурат.


Басып чыгаруу