Тамак – аш адаттарын өзгөртүү - ар бир адамдын жоопкерчилиги.

БСУнун туура тамактануу боюнча кеңештери:

- тамак-ашта жалпы майдын көлөмүн  чектөө, өзгөчө жаныбар майларын (мындай майлар каймак, каймак майда көп болот).

- Ар дайым этикеткасында эмне жазылганын окуу. Эгерде этикеткасында “жарым жартылай гидрогенезделген майлар” бар экендиги жазылса, бул азыкта аз көлөмдө трансмайлар бар дегенди түшүндүрөт. Мындай азыктарды колдонуудан баш тартуу, жок дегенде аз өлчөмдө колдонууга аракет кылуу.

-Күнүмдүк рациондо жашылча-жемиштерди көбүрөөк  колдонуу, эң аз дегенде 400г (күнүгө 5 порция).

- Күнүгө йоддолгон тузду 5 граммдан аз (1 чай кашык) колдонуу.

- Күнүмдүк рациондо шекердин көлөмүн азайтуу. Шекердин күнүмдүк колдонулуусун чоң адамдарга 50г көп эмес (12 чай кашык) жана жаш балдарга 25г чейин азайтуу.


Басып чыгаруу