Жыл сайын 24-март күнү Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күнү белгиленет. Бул жылы кургак учукка каршы күнү  “Ыкчамдайлы” деген лозунг менен  өткөрүлөт.

Кургак учук – кургак учуктун микобактериясы (Кох таякчасы) аркылуу пайда болгон, бардык органдарды жана ткандарды, бирок көп учурда өпкөнү жабырлантуучу жугуштуу оору.

97868765_167321648071911_2514407196633071616_n.jpg

Кургак учукту биздин арабыздан ким гана болбосун курагына жана социалдык абалына карабастан жуктуруп алышы жана ооруп калышы ыктымал.

kugak-uchuktun-juguu-joldoru.jpg

Инфекцияөпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам жөтөлүп, чүчкүрүп жана сүйлөп жаткан учурда абага микобактерияларды бөлүп чыгаруусу аркылуу жугат.

Эки жумадан ашык жөтөлүү – бул өзгөчө көңүл буруу керек болгон белги.

Өпкө кургак учугу: жалпы талмоорсуу, дене табынын жогорулашы, өзгөчө түнкүсүн тердөө, алсыздык, чарчоо, табиттин начарлашы жана салмактын азайышы аркылуу билинет. Кеч баскычтарында дем кыстыгуу, көкүрөктөгү оорутуу, кан түкүрүү пайда болушу мүмкүн.

kargak-uchuk-belgileri.jpg

Кургак учук айыгат, эгерде: дарыланууну мүмкүн болушунча эрте баштаса дарыларды дарыгердин бардык сунуштарын так сактоо менен ичсе дарылануунун толук курсун аяктаса бейтап өзүн жакшы сезип калган учурда дагы дарыларын ичсе. Кургак учук таякчалары акырындык менен жок болот.

КУРГАК УЧУКТАН КОРГОНУУ ҮЧҮН ОРГАНИЗМДИ КАНТИП ЧЫҢДООГО БОЛОТ?

Сергек жашоо мүнөзүн алып жүрүүгө аракеттенүү керек:

жакшы тамактануу

дене тарбия көнүгүүлөрү жана чыңдоо менен үзгүлтүксүз алектенүү суткасына 7-8 сааттан кем эмес уктоо

таза абада көбүрөөк болуу

бөлмөнү мүмкүн болушунча көбүрөөк желдетүү (күнүнө 2-3 жолудан кем эмес)

зыяндуу адаттардан баш тартуу

жакшы маанайда болуу

kurgak-uchuktu-aldyn-aluu.jpg

КУРГАК УЧУК – АЙЫГА ТУРГАН ООРУ!


Басып чыгаруу