Previous Next

АИВ-инфекциясы - бул адамдын иммунукем вирусу (АИВ)

тарабынан пайда болгон оору.

АИВ организмге бир жолу кирсе ал жерде өмүр кала берет.

Вирус жуккан учурдан тарта ал адам вирусту башкаларга жуктурууга жөндөмдүү болуп калат.

 

АИВ үч жол аркылуу гана жугат:

 

АИВ вирус жуккан кан аркылуу жугушу мүмкүн:

-ийне аркылуу баңги затын колдонууда;

- стерилденбеген кесүүчү жана учтуу аспаптарды колдонууда;

 

Жуктуруп алууга жол бербөө үчүн:

- бир жолку колдонулуучу ийне жана шприцтерди, ошондой эле инъекция жасоо үчүн стерилдүү эритмелерди пайдалануу керек.

- кан менен байланышкан манипуляцияларда бир жолку колдонулуучу же стерилдүү аспаптарды пайдаланууну талап кылуу абзел.

 

АИВ жыныстык жол аркылуу жугушу мүмкүн:

-жыныстык жол аркылуу байланышууда;

Жуктуруп алууга жол бербөө үчүн:

- презерватив колдонуу.

- бир өнөктөшкө ишенимдүү болуу.

- сексуалдык байланышка баруу тууралуу жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу.

-эрте башталган жыныстык жашоодон кармануу.

 

Оору АИВ менен жашаган энеден балага берилиши мүмкүн:

- кош бойлуу мезгилде жана төрөт учурунда;

- эмчек эмизүү учурунда эненин сүтү аркылуу.

 

 Баланын жуктуруп алышына жол бербөө үчүн:

- АРВ-терапия алуу;

- төрөтүүнү кесарево жолу аркылуу өткөрүү же кош

бойлуулуктун 36 жумалык мөөнөтүндө вирустук жүктүн

жыйынтыктарына жараша өз алдынча төрөө;

- балага эмчек эмизбөө.

- баланы жасалма тамактандырууга өткөрүү. Эгерде сүт

аралашмаларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо, эмчек эмизген бүт мезгил аралыгында АРВ-терапиясын алуу менен эмчек сүтү менен гана багуу сунушталат.

 

Өзүнөн АИВ-инфекциясынын бар же жок экендигин текшерүү үчүн ыктыярдуу тестирлөөдөн өтүп туруу керек.

АИВге тестирлөө ҮМБ/ҮДТда, эгер кааласа СПИД борборлордо купуя жүргүзүлөт.

Тесттин жыйынтыгы текшерүүдөн өткөн гана адамга кабарланат.

АИВге карата кооптуу кырдаалда СПИД борборлоруна же медициналык тез жардам станциясына биринчи уч күндун ичинде кайрылуу жана байланыштан кийинки алдын алуу чараларын колдонууга тийиш.

 

Өзүңдүн ден соолугуң жана сенин жакындарыңдын саламаттыгы үчүн  жоопкерчилик силерди АИВден коргойт.


Басып чыгаруу