Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына ылайык, акыркы жылдары кургак учук оорусунун азайгандыгы байкалууда, алсак 2019-жылы Кыргызстанда 4985 учур катталган.

❗️НЕГИЗГИ ЖУКТУРУУ ФАКТОРЛОРУ

  • • Кургак учук менен ооруп, бирок дарылануу албаган бейтаптар менен узак убакыт жабык жана желдебеген жайда тыгыз байланышта болуу;
  • • Бир бөлмөдө адамдардын топтошуусу;
  • • Кургак учук оорусу жогорку деңгээлдеги региондо жашоо (Кыргызстан мындай өлкөлөргө кирет)
  • • Башка оорулардын, стресстин, климаттын алмашуусунан, начар тамактангандын ж.б. себептерден улам иммунитеттин төмөндөшү;
  • • Наркотикалык каражаттар жана спирт ичимдиктерин ашкере пайдалануу, тамеки иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет.

❓ КУРГАК УЧУКТУН КАНДАЙ БЕЛГИЛЕРИН БИЛЕ ЖҮРҮҮ МААНИЛҮҮ?

2 жумадан узак мөөнөткө созулган жөтөл – өзгөчө көңүл буруу керек болгон белги.

Ошондой эле, өпкө кургак учугу төмөнкү белгилер менен коштолот:

  • • өзүн начар сезүү
  • • дене таптын көтөрүлүүсү
  • • тердөө, айрыкча, түнкүсүн
  • • алсыздык, чарчоо
  • • табиттин жоголушу
  • • салмактын азайышы.

Адатта, кечке маал дене тап 37-37,5º чейин жогорулайт.

Оор стадияларында демигүү, кан какыруу, төш оорутушу мүмкүн.

❓ ӨЗҮҢҮЗДӨ ЖЕ ЖАКЫН АДАМЫҢЫЗДАН БУЛ БЕЛГИЛЕР БАЙКАЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Өз убагында аныктоо жана дарылануу үчүн дароо ҮМБ/ҮДТ/ФАПтын медициналык кызматкерлерине кайрылуу керек.


Басып чыгаруу