👪 🤱 1-августтан 7-августка чейин бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан демилгеленген Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү жумалыгы белгиленүүдө. Бул жумалыкты «СПИД» Республикалык борбору колдоп, сиздерге АИВ-инфекциясы менен эмчек эмизүүнүн жолдорун айтып берет.

👨‍⚕️1 Факт.

Эгерде сиз бир нече убакыт дарыланып жүрсөңүз жана ал жакшы жыйынтык берсе,анда эмчек эмизүү коркунучу төмөн болот.

Антиретровирустук дарыларды ичүү эмчек сүтү аркылуу АИВтин жуктуруу коркунучун бир топ азайтат. Бир нече эсептөөлөргө ылайык, төрөлгөндөн кийин вирустун жугуу коркунучу 1%ды түзөт. Алты ай бою эмчек менен эмизүү дагы 1%. Ал эми бир жыл эмизсе - дээрлик 3%.

👩‍⚕️2 Факт.

Эгерде сиз да, балаңыз да антиретровирустук терапиядан өтпөсөңүз, эмчек эмизүүдө болжол менен эки жыл аралыгында балаңызга АИВтин жугуу коркунучу 20% чейин барат.

Дарыланбастан, эмчек сүтүнө кошумча тамак-аш, даяр сүт аралашмалары («аралаш тамактандыруу»деп аталат )же суу менен тамактандыруу өтө коопту, АИВ-инфекциясын жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогорулайт.

🍼3 Факт.

АИВ-инфекциясын жуктуруп албаш үчүн сиз, тамактандырууга ылайыкталган идиштерди, бөтөлкөлөрдү, упчуларды кылдат жууп, кайнатышыңар керек. Бөтөлкөлөргө муздак суу менен стерилдөөчү эритме колдонсоңуз, же буу менен стерилизацияласаңыз (мисалы, микротолкундуу меште) же кайнатсаңыз болот.

🤱4 Факт.

АИВ илдетине чалдыккан, антиретровирустук терапиясын алып, медициналык көрсөтмөлөрдү аткарып жаткан энелерге, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу: ымыркайларын биринчи 6 айда эмчек менен гана эмизиш керек, андан кийин 12 айга чейин кошумча тамактарды кошуу зарыл. Эмчек эмизүү менен кошумча тамактарды берүү наристе 24 айлык же андан жогору болгонго чейин улантылышы керек.

🤗5 Факт

АИВ илдети менен да ден-соолугу чын баланын энеси боло аласыздар.

Бүгүнкү күндө АИВ илдетине чалдыккан аялдарда ден-соолугу чын наристе төрөлүшү мүмкүн (98% га жакын), ал эми сиз кош бойлуу учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде керектүү профилактикалык дарылоону алсаңыз, ошондой эле жасалма тамактандырууну колдонсоңуз АИВтин энеден балага жугуу коркунучу бир кыйла азайат.

Заманбап медицина аркылуу тийиштүү көзөмөл жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү менен АИВ-инфекциясын жугузуу коркунучун азайтууга болот.

Тийиштүү дарылануу жүргүзүлбөсө, дени сак наристенин төрөлүшү 50-60 % тузөт.

Эгерде сизде кош бойлуулук, эмчек эмизүү тууралуу дарыгерлерге сурооңуздар болсо – биздин адистер сизге керектүү жардамды көрсөтүүгө даяр. Төмөнкү номер боюнча: 0555790337 (Эркин Тостоков)

Басылма үчүн БДССУнун жана АИВтин алдын алуу боюнча республикалык борборлордун материалдары “СПИД” Республикалык Борборунун адиси Эркин Тостоковдун катышуусу менен колдонулган.


Басып чыгаруу