Күйдүргү  (сибирь жарасы, сибирь кулгунасы) оорусу адамдарда жана малдарда кездешүүчү оору. Бул оору менен ийри мүйүздүү малдар, койлор, жылкылар ошондой эле төөлөр, эшектер, эчкилер ыландайт. Чочколор, иттер жана мышыктар чанда ыландашат. Ошондой эле ылан жапайы жаныбарлар арасында да кездешкени белгиленген.

Козгоочусу
Күйдүргүнүн козгоочусу – таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде вегетативдүү түргө өтөт. Башкача айтканда, өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.

Өлкөдө күйдүргү (сибирь жарасы) илдети боюнча эпидемиологиялык абал боюнча токтолсок, 2020-жылы 22 июньга чейин биздин республикада күйдүргү жарасынын 2 учуру  катталган   Жалалабат областы  Базар-Коргон району-2 учур.

Эки  учурда тен адамдар күйдүргү жарасынын тери формасы менен оорушкан. Мындай абал күйдүргү оорусунун козгогучунун республикабыздын  жер кыртышында болуп келүүсү менен байкалат.

Күйдүргү жарасынын катталган учурларынын себептери:

  1. Оорунун булагы болгон жер-кыртышындагы күйдүргү жарасынын очокторунун көптүгү, (республика боюнча 557 күйдүргү жарасынын очогу катталган) .
  2. Сырткы чөйрөдө күйдүргү жарасынын спорасынын узакка сакталышы
  3. Союлган малдардын ветеринардык көзөмөлдөөдөн өтпөгөндүгү
  4. Малдардын эмдөөгө толук камтылбашы

5   Айыл чарба малдарынын миграциясынын көзөмөлдөнбөшү

6   Күйдүргү жарасынан өлгөн малга кун төлөнбөшү (компенсациянын жоктугу).

 

Жугуу жолдору:

- ыландаган малды багып кароодо, тейлөөдө чарба буюмдары аркылуу жана микробу бар топурактын, кыктын чаңын дем алганда;

- ыландаган малды сойгондо, анын терисин сыйрыганда, этин устукандаганда, жүнүн кыркканда;

- эт жана сүт азыктарынын чала бышырып пайдаланганда;

- малды союуга колдонулган буюмдар аркылуу (балта, бычак, идиш-аяк, сүлгү ж.б)

- ыландаган  малдын этин, жүнүн терисин ташыган унаа аркылуу;

- айрым учурларда, көгөн чакканда да жугушу мүмкүн

Бул учурда оорунун микробдору кишинин организмине теринин жаракаттары, ооздун былжырлуу чел кабыкчалары аркылуу кирет. Адамдарда оору көбүнчө тери түрүндө өтөт.

  Оору жуккандан кийин 2-5 күндөн кийин оорунун алгачкы белгилери башталат. Адегенде микроб кирген жерде кызыл так пайда болуп, кычышат. Так бара-бара какактанып, ордуна жара күйдүргүнүн карт (карбункулу) пайда болот. Жаранын тегереги аябай шишип, дене табы жогорулап уйкусу начарлап, тамакка табити начарлайт. Жара жайылып, лимфа бездери чоңоёт.

Ичеги түрүндөгү формасы - эт  азыктарын чала бышырып пайдаланганда кездешет. Ѳпкө түрүндөгү формасы – терини жана жүндү иштетүүдө спорасы бар абаны, чаңды дем алганда жугат.

Ичеги жана өпкө түрүндөгү формасында өз убагында дарыланбаса өлүмгө алып келиши ыктымал.

Өз алдынча дарыланууга такыр болбойт, мындай учурда дарыгерге гана кайрылуу талапка ылайык.

 Оорунун алдын алуу:

- күйдүргүгө каршы жыл сайын үй-жаныбарларына эмдөө жүргүзүү;

- күйдүргүнүн очогу  бар аймакта мал жайбоо;

- ыландаган шектүү малды соёр алдында, сөзсүз түрдө ветеринарга кайрылуу;

- малды тейлөөдө жана союуда жеке тазалыкты сактоо;

- атайын кийимдерди кийүү (алжапкыч, кол кап, өтүк ж.б),

- колуңарды самын менен жууп, залалсыздандыруучу каражаттарды пайдалануу.

- ыландан өлгөн жаныбарлардын өлүгүн эреже боюнча көмүү;

- инфекция жуккан объекттерди залалсыздандыруу;

- ылаңдаган малды ветеринардын текшерүүсүнөн өткөрмөйүнчө сойбоо;

- ыландаган  жаныбарларды жана булганган материалдарды (өлгөн малды ташыган     машина, мал сойгон бычак, таар ж.б.) колдонгон адамдарды дарыгерлердин көзөмөлүнө  алуу;

Врач эпидемиолог РЦКиООИ                          Ташкенов С.Т.

 


Басып чыгаруу