Грипп (сасык тумоо)(фр. grippe) — грипп вирусу себепкер болгон дем алуу жолдорунун инфекциялык оорусу. Кез-кезде эпидемия жана пандемия түрлөрүндө жайылат. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган.

Бул оору башталганда адам өзүн начар сезип, мурдунан суу куюлуп, башы ооруп, үнү каргылданып бүтүшү ыктымал. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып,  врачты уйго чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт.

Сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
  3. Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
  4. "Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
  11. Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордоршуна алып келүүсү мүмкүн.

Басып чыгаруу