Сасык тумоо — бул дээрлик бардык адамдар чалдыгышы мүмкүн болгон инфекциялык оору.  Сасык  тумоону козгоочу вирус  оорулуудан айланадагыларга аба аркылуу жугат.

 Сасык тумоо учурунда өнөкөт оорулар өтүшөт, андан тышкары сасык тумоо дагы башка ооруларды козгошу мүмкүн:

Өпкө оорулары (бронхит, пневмония).

 Дем алуу органдарынын иштөөсүнө кыйынчылык туудурат (отит, синусит, ринит, трахеит).

Жүрөк кан тамыр оорулары (миокардит, перикардит).

Нерв системаларындагы илдеттерди күчөтөт  (менингит, менингоэнцефалит, энцефалит, невралгия, полирадикулоневрит).

Өнөкөт ооруларды өтүштүрбөш үчүн өз учурунда сасык тумоонун алдын алып, оорунун өзүн туура дарылоо керек.

Адатта сасык тумоо капысынан башталат. А жана В тибиндеги сасык тумоону козгоочу вирустар агрессивдүүлүгү жана өтө тез тарашы менен айырмаланат. Ошондуктан кыска убакыттын ичинде вирус дем алуу органдары аркылуу тарап бактериялардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

Сасык тумоонун белгилери – дене табы 37,5 – 39 °Сга көтөрүлөт, баш ооруйт, булчуңдар, сөөктөр какшайт, алсыроо, чыйрыгуу, жөтөл, мурундун бүтөлүшү, тамактын сезгенүүсү менен коштолот .

Сасык тумоону башка оорулар менен алмаштырып алууга болот, ошондуктан так диагнозду дарыгер аныктап, дарылануу ыкмасын дайындайт.   

Сасык тумоо менен ооруганда эмне кылуу керек?

 Алгачкы белгилери байкалганда эле бейтап үйдөн чыкпай дарыланууну башташы керек. Оорулуу адам коомдук жайларга баруу менен тегерегиндегилерге ооруну жуктурат. Ошондуктан дароо дарыгерге кайрылып, дарылануу керек. Инфекциянын андан ары таралышынын алдын алуу үчүн бейтапты өзүнчө бөлмөгө жайгаштыруу туура. 

Эң маанилүү!

 Ата-энелер! Эч качан ооруган балдарыңызды бала бакчага, мектепке, маданий иш-чараларга жибербеңиз.  Сасык тумоодо  жүрөк кан тамырларына күч келип, иммундук системаларга таасир бергендиктен жатып дарылануу керек.

Сасык тумоо менен ооруганда өзүңүздү өзүңүз дарылоодон алыс болуңуз, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл, ал ооруну аныктап, жаш курагына, абалына жараша дары-дармектерди сунуштайт

Туура дарылануу үчүн дарыгер жазып берген нерселердин баарын так аткарып, өз убагында дарыларды ичиш керек. Мындан тышкары суюктукту абдан көп колдонуу зарыл, мисалы ысык чайды тез-тезден, көп-көптөн ичип туруу абзел.

Сасык тумоодон кантип сактануу керек?

Бейтап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозу менен мурдун бетаарчы менен жапкан туура.

Оорулуу адам жайгашкан бөлмөнү тез-тез желдетип, мүмкүн болушунча инфекцияларды тазалоочу каражаттар менен тазалап жууп турса жакшы.

Бейтап менен азыраак сүйлөшүп, аны караган учурда беткапты кийип алуу керек. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, сасык тумоого каршы эмдөөнү алуу эң натыйжалуу ыкма. Себеби вируска каршы эмдөө вакциналары гана эпидемия күчөгөн учурда ооруну токтото алат.   

Эмдөө организмдеги иммундук системанын инфекцияга каршы туруусун бекемдейт. Башка бардык медициналык дары- дармектерге караганда сасык туумоого каршы вакцинасы натыйжалуу.

Эмдөө жарандардын бардык катмарына сунушталат. Эмдөөнү оору башталардын алдын 2-3 жума эрте, медициналык мекемеде, атайын окуп даярданган медицина кызматкеринен алуу керек. Эмдөөнүн алдында дарыгерге кайрылуу абзел.  

Сасык тумоонун алдын алуу:

Эпидемиялык абал башталганга чейин сасык тумоого каршы эмдөө алыңыз;

Эл көп чогулган жерлерге, коомдук транспортко түшкөндү азайтыңыз;

Эл көп жерлерде беткап кийиңиз.

Жөтөлүп же чүчкүргөн адамдардан алыс болуңуз.

Ар дайым коомдук транспорттон, сырттан келгенден кийин колду самын менен таза жууңуз;

Өзгөчө сырттан келгенден кийин жана коомдук транспортко түшкөндөн кийин мурдуңузду чайкаңыз;

Ар дайым бөлмөңүздү желдетип туруңуз;

Бөлмөнү суу чүпүрөк менен тазалаңыз;

Бөлмөңүздүн нымдуулугун сактаңыз;

Курамында С витамини камтылган азыктарды  колдонуңуз;

Сарымсак менен пияз кошулган тамак-ашты колдонуңуз.

Дарыгердин сунушу менен иммундук системаны бекемдеген дары-дармектерди колдонуңуз.

Иштеген жериңизде же үйдө сасык тумоо менен ооруган адам болсо, дароо вируска каршы дары-дармектерди дарыгердин сунушу боюнча, ооруну алдын алуу максатында колдонуңуз;

Сергек жашоону бекемдеңиз, жетиштүү уйку, туура тамактануу, дене кыймылы. 


Басып чыгаруу