Вирустук гепатиттер  - кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оорулар.

Вирустук гепатиттин беш түрү бар (А, В, С, Д жана Е).

В, Д жана С вирустук гепатиттери оор кесепеттерине байланыштуу  чоң коркунуч туудурат.  

Гепатитти жуктуруп алуу ооруган же жуктуруп алган адамдын каны  же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө:

  • ийне аркылуу баңги колдонуучулардын арасында  бир шприц жана ийне пайдаланган учурда
  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда
  • устара жана маникюр аспаптарын, тиш щеткаларын чогуу колдонгон учурда
  • стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө
  • корголбогон жыныстык катнаш учурунда (презервативсиз). Капысынан болгон байланыштарга барган же бир нече жыныстык өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт.

Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет

Оорунун инкубациалык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат.  

В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери төмөндөгүлөр болуп саналат:

  • алсыроо, чарчоо
  • табиттин жоголушу
  • оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу
  • көңүл айлануу, кусуу
  • дене табынын 38°С чейин жогорулашы
  • боор жана көк боордун чоңойушу
  • көздүн агынын жана теринин саргайышы
  • тамак сиңирүүнүн бузулушу
  • заңдын түсүнүн жоголушу, агарышы
  • зааранын күңүрт болушу

С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана ден табынын жогорулашы байкала бербейт.

Учурлардын 85%да В жана С гепатити симптомдорсуз өтө тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн.

Парентералдык вирустук В, Д жана С гепатиттер  лабораториялык изилдөөлөрдө гана аныкталат.

В гепатитинин вирусу өзгөчө тышкы чөйрөдө туруктуу, вирус жогорку 132 °С температурада гана өлөт.

Эгерде гепатитти курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат.

В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулат жана оор абалдарга – цирроз же боордун рагына өтүшү мүмкүн.

Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же баңги заттарды колдонуу боор циррозунун өөрчүүсүн тездетиши мүмкүн.

Талмоорсуу, чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалары менен В жана С гепатиттерине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылгыла. 

Кан менен байланышкан манипуляция жасоо учурунда стерилденбеген аспаптарды колдонууда же жалпы саюу - кесүү шаймандарын пайдаланууда дагы шек туулса гепатитке текшерилгиле.

Канда гепатит вирустарынын бар экендигин канга анализ тапшыруу менен гана аныктоого болот.

 

В жана С гепатити менен ооруп калбоо үчүн зарыл:

  • Өздүк гигиена каражаттарын жекече пайдалануу (тиш щетка, устара жана маникюр аспаптарын);
  • Баңги сайуу үчүн жалпы шприц жана ийнени пайдаланбоо
  • Медициналык жана косметологиялык процедураларды жасоо учурунда бир жолу пайдалануучу аспаптардын стерилденгендигин жана колдонулушун көзөмөлдөө;
  • Кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан качуу же презерватив колдонуу.

 

Азыркы учурда В вирустук гепатитине гана каршы вакцина бар.

 

В гепатитине каршы эмдөө Кыргыз Республикасынын Улуттук алдын ала эмдөө календарына ылайык, балдарга төрөлгөн учурда жасалат жана 2,3,5 жана 6 айында кайталанып турат.

Эмдөө балдарга акысыз жүргүзүлөт. 


Басып чыгаруу