Менингит – бактериалдык формадагы, баш жана жүлүн мээсинин кабыкчаларынын сезгенүүдөн жабыркоосу. Менингит олуттуу оруу жана ал өзүнүн татаалдануулары менен адамга коркунуч туудурат. Өзгөчө, кыш -жаз мезгилдеринде ооруга чалдыгуу күчөйт.

Менингококкторду козгоочу инфекцияны менингококк – Neissera meningitidis бактериясы болуп саналат. Бул жугуштуу илдет жөтөл, чүчкүрүк менен аба акрылуу жугат. Балдар арасында менингококк жугуштуу илдети тез өөрчүйт.

Инкубациялык мезгили төрт күнгө созулганы менен, 10 күнгө чейин белгилери кармалып турушу мүмкүн.

Негизги белгилери:

Менингитте дене табынын жогорулашы чыйрыгуу, шалдыроо жана аябай тердөө менен коштолот. Баш сөөктүн ичинде түртүп жаткандай сезимдер болуп, өйдө-ылдый болгондо жана оңго-солго кайрылганда, өтө жарыктан, катуу үндөрдөн баш оору күчөйт. Ошондой эле, менингит учурунда, тамак сиңирүүнүн бузулуп, жүрөгү айланып кускусу келет. Көӊүл бургула: бейтап тамак ичпесе дагы куса берет, кусканы узак убакытка кайталанат.

Оорунун кесепети эпилепция, кереӊ, шал, мээнин айланасына суу толуу жана гормоналдык функциянын бузулушуна алып келиши ыктымал. Менингокок инфекциясы негизи бардык органды жабыркатышы мүмкүн, организмдин иштөө системасын да бузат. Ошондуктан бул оорудан кийин организмди калыбына келтирүүгө көп убакыт жумшалат.

Менингит кандай болушу мүмкүн?

Менингит баштапкы жана кайталанган деп бөлүнөт. Эгерде ооруну жуктуруп алганда дароо мээнин кабыкчалары жабыркаса, анда биринчи менингит өрчүйт (дароо баш мээнин жабыркайт). Кайталанган менингитте негизги оорунун көрүнүшүндө (кулак түп бездин сезгениши, кулак сезгенүүсү ж.б.) жугуштуу илдет мээнин кабыкчаларын дагы жабыркатуу менен тарайт. Менингит бардык учурда курч өтөт (оору бир нече күндө өөрчүп кетет) көп учурда оор өтөт

Балдар жана чоӊдор арасындагы менингит оорусун алдын алуу жолдору:

- Мезгилге жараша кийинүү, жылуу кийинип, суукка урунбоо керек;
- Бала менен эл көп чогулган жерлерге барбаганга аракет кылуу;
- Колду самындап тез-тезден жууп туруу;
- Таза абада сейилдеп, витаминдүү тамак-аштарга басым жасоо;
- Кобул сезгеничи, кулак сезгенүү менен ооруганда дароо дарыгерге кайрылып, анын көзөмөлүндө дарылануу керек;
- Менингит оорусунда өзүн-өзү дарылоого жол берилбейт!!!


Басып чыгаруу