Кыргызстанда жазгы туут маалы башталды. Дал ушул учурда бруцеллез оорусун жуктуруп алуу коркунучу чоң.

Республикалык карантиндик жана  өтө кооптуу инфекциялар борборунун маалыматында, өлкөдө бруцеллез боюнча эпидемиялык абал туруктуу эмес бойдон калууда. Анын себеби, ооруну алдын алууда  чабандардын кайдыгер мамилеси эсептелет.

Статистикага таянсак, 2019-жылдын ичинде 869 адам бруцеллез оорусу менен, өзгөчө айылда  мал менен алектенген адамдар көп катталган. Алардын ичинен 550сү (63,2%) эркектер болсо, 317си  (36,4%) аялдар болуп, жаш курагы 30 жаштан өйдө болгон  тургундар кирген.   

Бруцеллез ылаңы адамдарга малды төлдөтүү убагында, алардын чөбү (тону) жатын суюктугу аркылуу жутат. Оорулуу малды союу жана анын этин устукандоо, ичегисин артуу да өтө коркунучтуу.

Бруцелла микробдору - адамдын организмине денесинин сыйрылган жана жаракат алган териси, ооз көңдөйчосү аркылуу кирет.

Ылаң тамак-аш аркылуу оорулуу малдын этинен, өзгөчо чийки сүттөн жана андан жасалган азыктардан (каймак, быш-так, брынза) даты жугат.

Аба аркылуу да жугушу  мүмкүн – малдын астындагы салынган саманды, кыкты сапырганда бруцеллезду козгогон микробдор чаң менен кошо өйдө көтөрүлүп, көзгө жана мурунга кирип бруцеллез оорусуну козгошу мүмкүн.

Өзүңөрдү кантип сактасаңар болот?

-Малды  төлдөтүү  үчүн тазалап, дезинфекциялап тургандай атайын жайды пайдалангыла;

-Малды тейлеп жатканда, өзгөчө төлдөтүү учурунда сөзсүз өздүк гигиена каражаттарды (халат, резина кол кап, клеенка этек жапкыч, резина өтүк) жана дезинфекциялоо каражаттарын пайдалануу керек;

-Атайын кийимдерди пайдалангандан кийин жууп, дезинфекциялоо зарыл;

-Жумуштар бүткөндөн  кийин сырткы кийимди которуп, анан аны өзүнчө бөлмөгө илип коюш керек. Колуңарды сөзсүз самындап жуугула.

-Малдын чөбүн колуңар менен кармабагыла, айры же шиш менен алгыла, капкактуу идишке чогултуп салып, андан кийин терең чуңкурга  көмүп салгыла, иттер жете албагандай болсун;

-Ар бир тууттан кийин малдын алдына салган чөп-чарды чогултуп, өрттө салгыла;

-Балдарды туут өтүп жаткан жерге жакындатпагыла;

-Эгер силер жаңы туулган козуну үйгө жылытканы алып кирсеңер, аны бөлүп кармагыла, балдарга кармоого уруксат бербегиле;

-Сүттү сөзсүз бышырып ичкиле;

-Этти 2 саттан кем эмес кайнаткыла. Чала бышкан эт азыктарынан даярдалган тамактарды жебегиле;

-Саан уйдун жана 3 айдан жогорку жаштагы ургаачы торпокторду, букаларды пландуу түрдө жылына эки жолу текшерүүдөн өткөрүү зарыл;

-Оорулуу малды ветеринардык кызмат менен биргеликте, ветеринардык -санитардык эрежелерди так сактоо менен союп жоготуу  керек.


Басып чыгаруу