Previous Next

КОРОНАВИРУС ДЕГЕН  ЭМНЕ?

Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо "таажы сымал вирустар" десек болот. Вирустун түзүлүшү таажыга окшош. Коронавирус биринчи жолу 1965-жылы ринит оорусу өтүшүп кеткен адамда аныкталган.

2019-nCoV - бул жогорудагы коронавирустардын түркүмүнө кирет жана аталган аталыш Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму тарабынан белгиленген.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ ЖАНА АЛ ДАРЫЛАНАБЫ?

Аталган оорунун  белгилери кадимки сасык тумоонукундай эле. Кимдир-бирөөнүн дене табы жогоруласа, кайсы бирине дем жетпегендей болуп, жөтөлүп, тамак оору сыяктуу болуп сезилет. Мындайча айтканда, дарттын биринчи белгисинде ал ОРВИге (курч респиратордук вирустук инфекция) же кадимки эле сасык тумоого окшош болушу мүмкүн.  Ооруга адамдан адамга жугууга жөндөмдүү. 

Коронавирустан кантип коргонууга болот?

1.Колду самындап жуугула же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонгула

2. Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз бет аарчы  же чыканагыңар менен тоскула

3. Дем алуу жолдорунун курч  вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан, өбүшүүдөн жана кол алышуудан кармангыла

4. Курч респиратордук вирустук инфекциянын  белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынгыла

5. Бөлмөнү тез-тезден желдеткиле жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап тургула

6. Жаныбар тектүү азыктарды жакшылап бышыргандан кийин колдонгула.


Басып чыгаруу