Коронавирус инфекциясына чалдыккан кош бойлуу аялдар башка дени сак адамдарга караганда олуттуу татаалдашуулардын жогорку тобокелчилигине дуушар болоруна күбө болуучу маалыматтар ушул кезге чейин жок. Кош бойлуулардын басымдуу бөлүгү жеңил же орточо формада көтөрүшү мүмкүн экендиги күтүлүүдө.

 Бирок кош бойлуу учурда кайсы гана болбосун вирустук инфекция – бул өзгөчө кош бойлуулуктун эрте мезгилиндеги кошумча тобокелчилик экендигин эстен чыгарбоо керек. Пандемиянын шарттарында кош бойлуулар тобокелчилик тобуна кирет.

     Пандемияны эске алуу менен кош бойлуулук жакшы өтүп жаткан болсо, медицина кызматкери пландалган келүүлөрдүн санын чектөөгө кеңеш бериши мүмкүн. Жалпысынан алганда кош бойлуу аял, мурдагыдай эле медицина кызматкеринин көзөмөлү астында болот жана текшерилет, жашаган жери боюнча анализдерди тапшырат, дарт аныктоочу изилдөөлөрдөн өткөрүлөт.

     Өзүнүн катышуусу зарыл болгон жерлерге (УҮИ, кан тапшыруу жана кароо) коштоп баруучуларды азайтууга аракеттенүү, анын ичинде дарыгердин кабыл алуусуна балдарды алып барбоо керек.

     Айрым анализдерди, мисалы, лабораториялык изилдөөгө кош бойлуунун заарасын ҮМБ/ҮДТ/ФАПка жолдошу же туугандарынын ичинен кимдир бирөө алып барса болот. 

Кош бойлуу мезгилде коронавирусту жуктуруп алуу тобокелчилигин кантип азайтууга болот?

  • Эл көп топтолуучу коомдук жайларга, эс алуучу борборлорго, базарларга, мейманга ж.б. жерлерге барбоо.
  • Колду самындап 20 секунддан кем эмес убакыт үзгүлтүксүз жууп туруу.
  • Жанына бир жолу колдонулуучу кол аарчыларды жана спирт камтылган антисептик салып жүрүү.
  • Көчөгө чыгып бара жатканда беткап тагынуу, бетти, мурунду жана көздү кармалабоо.
  • КДВО (курч дем вирустук оорусу), анын ичинде коронавирустун симптомдору бар адам менен байланышта болуудан качуу.
  • Коомдук унаада жүрүүнү чектөө.
  • Телефон, интернет жана социалдык тармактар сыяктуу аралыктан иштөөчү технологияларды пайдалануу менен байланышта болуп, ишти үйдө уюштуруу.
  • Тапшырмаларды аткаруу үчүн достордун, туугандардын же жеткирүү кызматтарынын жардамын кабыл алуу.
  • Дарыгер же башка маанилүү кызматтар менен байланышуу үчүн телефон же онлайн-кызматтарды пайдалануу.
  • Бөлмөнү ар бир 1.5 саатта желдетип туруу.
  • Толук баалуу тамактануу
  • Физикалык активдүүлүк менен алектенүүнү улантуу
  • Кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде (28 жумадан көп), социалдык аралыкты сактоого (обочолонууга) өзгөчө көңүл буруу жана башка адамдар менен болгон байланыштарды мүмкүн болушунча азайтуу.

Кош бойлуу мезгилинде сасык тумоого, анын ичинде коронавирус пайда кылган дем алуу жолдорунун курч кармаган вирустук ооруларында кайда кайрылуу керек?

Эгерде кош бойлуу мезгилинде сасык тумоонун  белгилери пайда болсо, ал обочолонууга тийиш.

  • өзүнчө бөлмөдө болуу, бөлмөнү тез-тезден желдетүү, өзүнчө идиш-аяк жана сүлгү колдонуу, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү менен байланыштарды азайтуу;
  • ҮМБ/ҮДТ/ФАПтагы кош бойлуулукка көзөмөл жүргүзүүчү медицина кызматкерине телефон чалуу;
  • медицина кызматкерлеринин кеңешин алуу жана аны үй шартында аткаруу;
  • дарылоо мекемесине өз алдынча барбоо.

Эгерде айыкпай жатса же коронавирус инфекциясына окшош белгилер (дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл) пайда болсо, анда адистештирилген жардам жана кам көрүү талап кылынышы мүмкүн, ошондуктан төмөндөгүлөрдү аткаруу зарыл:

  • Эгерде симптомдор орун алган болсо, медицина кызматкерине байланыштар же орун которуулар тууралуу телефон аркылуу кабарлоо. Андан ары анын берген кеңештерине жараша аракеттенүү;
  • зарылчылык болгон учурда медициналык 103 Тез жардамын чакыруу;
  • эгерде ооруканага же төрөт үйүнө баруу зарылчылыгы келип чыкса – барарыңарды алдын ала телефон аркылуу билдирүү керек, жеке унаа менен барган жакшы.

 

Коронавирус кош бойлуу мезгилде жана төрөт учурунда энеден балага жугабы?

Учурда COVID-19 энеден балага жатын ичинде жукпайт деп эсептелет.

Эгерде кош бойлуу аялда коронавирус инфекциясынын бар экендиги аныкталса, анда сактык чарасы катары, айыккандан соң аз дегенде эки жумадан кийин, баланын абалын жана өнүгүүсүн текшерүү үчүн УҮИ жасалат.

 

Коронавирус инфекциясына шектелген же диагнозу тастыкталган кош бойлуу төрөтүү үчүн кайда жайгаштырылат?

 

Эгерде кош бойлуу коронавирус инфекциясынан кийин айыккан болсо, ошондой эле төрөттүн алдында вируска жасалган тест терс болуп чыкса, анда төрөй турган жери жашаган жери боюнча болушу мүмкүн, бирок ага келгендердин саны мүмкүн болушунча азайтылышы керек.

Коронавирус инфекциясына шектелген же диагнозу тастыкталган кош бойлуу төрөтүү үчүн жогоруда белгиленген төрөт үйлөрүнө жаткырылат, анткени аларда түйүлдүккө туруктуу  электрондук мониторингдин жардамы менен балага байкоо жүргүзүүнүн оптималдуу шарттары түзүлгөн, ошондой эле кычкылтектин деңгээли саат сайын көзөмөлгө алынат.

Төрөт үйүнүн обсервациялык бөлүмүнө келип түшкөн учурдагы жалпы сунуштар:

  • Төрөт үйүнө кире бериште кош бойлууга өзүнчө палатада обочо жаткырууга чейин тагынууга тийиш болгон хирургиялык беткапты беришет.
  • Коронавируска тест алынат.
  • Өнөктөш төрөттүн учурунда жубайы же жакын туугандарынын ичинен кимдир бирөө катыша алат (аларда коронавирус жок болсо).

Медицина кызматкери кош бойлуу/төрөй турган аялда коронавирус болгон учурда дарылоонун жекече тактикасын тандайт.

Төрөттөн кийинки мезгил кандай өтөт?

Төрөттөн кийинки бөлүмдө коронавирус инфекциясы менен жапа чеккен төрөгөн аялга дарыгер жана акушер күн сайын байкоо жүргүзөт.

Төрөгөн аял үчүн сунуштар:

  • Төрөгөндөн кийин бир канча сааттан кийин баса баштоо керек, анткени эрте активдешүү балага кам көрүүгө жардам берет, бала менен эненин ортосундагы байланышты жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.
  • Медицина кызматкеринин жардамынан баш тартпоо зарыл (керебеттен турууга, душка жуунууга жардам берүү), анткени төрөгөндөн кийинки биринчи күндөрү алсыроо болушу мүмкүн.
  • Мүмкүн болушунча көбүрөөк эс алуу керек. Баланы бир канча убакытка чейин перинаталдык борбордо калтырууга болот.

 

Балага коронавируска тест жасалабы?

Эгерде аял коронавирус инфекциясына шектелип же тастыкталган диагнозу менен келген болсо, анда бала коронавируска текшерилет.

 

Эне жана бала бир палатада кала алышабы?

Эне жана бала, ымыркайдын дени сак болсо жана неонаталдык бөлүмдө кароого муктаж болбосо, ошондой эле аялдын абалы канааттандырарлык болсо бир палатада боло алышат.

 

Эгерде кош бойлуу коронавирус инфекциясына шектелип же диагнозу тастыкталган болсо, баланы эмизе алабы?

Ооба, эмчек эмизүүгө болот, анткени коронавирустун эне сүтү аркылуу жугуусунун далилдери жок.

Бирок эмчек эмизген учурда сактык чараларын көрүү керек:

- эмчек эмизүүнүн, бала менен кайсы гана болбосун байланыштын алдында, сүт сордургучту (грудной отсос) пайдаланууда колду 20 секунддан кем эмес убакыт самындап жакшылап жууп туруу;

- эмизүүнүн алдында беткап тагынуу, эмизип жаткан учурда чүчкүрүп жана жөтөлбөөгө аракеттенүү;

- эгерде баланы сүт аралашмасы же саалган сүт менен тамактандыруу сунушталган болсо, сүт сордургучту ар бир колдонуудан кийин стерилдөө жана тазалоо боюнча сунуштарды так аткаруу.

Төрөгөндөн кийин ошол замат бойго бүтүрүүдөн сактанууга болобу?

     Бала төрөлгөндөн кийинки биринчи айларда каалабаган кош бойлуулукка бөгөт коюу репродуктивдик ден соолукту сактоонун маанилүү фактору болуп саналат. Төрөгөндөн кийинки 2 жылдын ичиндеги каалабаган кош бойлуулук аялдын репродуктивдик ден соолугу үчүн терс кесепеттерге ээ. Репродуктивдик системанын органдарынын баштапкы абалына кайтып келүүсү төрөгөндөн кийин 4-6 жумадан кийин аяктайт, организмдин толук калыбына келүүсү 1,5-2 жылдан кем эмес убакытка созулат. Төрөт үйүндөгү медициналык кызматкер үй-бүлөнү пландоо жөнүндө маек жүргүзөт жана контрацепциянын көбүрөөк ылайыктуу ыкмасын тандап берет.   


Басып чыгаруу