Депрессия – бул ар дайым көңүлү чөгүп жүрүү, демейде канааттануу алып келген нерселерге кызыгууну жоготуу  жана  эки жумадан ашык убакытка чейин күнүмдүк иштерди аткаруу жөндөмүн жоготуу менен сыпатталган оору.

Мындан тышкары, депрессия менен жабыркаган адамдарда төмөндө келтирилген белгилер байкалат: энергиянын жетишсиздиги, тамакка болгон табиттин төмөндөшү, көп уктоо же тескерисинче уйкусуздук, тынчсыздануу, чечкинсиздик, кам саноо, өзүн башкалардан төмөн сезүү, күнөөлүү же чарасыз сезүү, ошондой эле өзүнө зыян келитрүү же өз өмүрүнө кол салуу боюнча ойлордун келүүсү.

  • Депрессияга ар бир адам туш болуусу мүмкүн.
  • Депрессия – бул алсыздыктын көрсөткүчү эмес.
  • Депрессияны баарлашуу психотерапиясынын же антидепресанттардын жардамы менен, же болбосо бул эки ыкманы айкалыштырып айыктырууга болот.

Депрессияга кабылдым деп эсептесеңиз эмне кылуу керек?

  • Ишенген адамыңыз менен сезимдериңизди бөлүшүңүз. Адатта депрессияга кабылган адамдар өзүнө кам көргөн адам менен баарлашуудан кийин өзүн кыйла жакшы сезип калышат.
  • Адиске кайрылыңыз. Алгач өзүңүздүн аймактык же үй бүлөлүк дарыгериңизге кайрылганыңыз дурус.
  • Туура жардам алуу менен сиздин сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүңүз жогору экенин унутпаңыз.
  • Ооруганга чейин сизге кубаныч тартуулаган иштер менен алектенүүнү улантыңыз.
  • Адамдардан оолактагандын ордуна үй бүлө мүчөлөрү, жоро жолдошторуңуз менен байланышта болуңуз.
  • Ар дайым физикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз, жок дегенде сейилде, жок дегенде таза абада сейилдеңиз.
  • Демейдеки тамактануу жана уйку тартибин карманыңыз.
  • Депрессияга кабылганыңызды моюндап, өз каалоолоруңузду карап чыгыңыз. Мындай абалда мурдагыдай көлөмдөгү иштерди аткарууга күч-кубат жок болушу мүмкүн.
  • Спирт ичимдиктерин, ар кандай психотроптук же наркотикалык каражаттарды колдонуудан алыс болуңуз, себеби алар депрессияны күчөтүп жиберүүсү мүмкүн.
  • Эгерде сизде өз өмүрүңүзгө кол салуу жөнүндө ойлор пайда болгон болсо, тезинен кимдир бирөөнүн жардамын алыңыз.
  • Депресияны дарылоого боло тургандыгын унутпаңыз!

Басып чыгаруу