Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын ажылык учурунда Мекке, Медина жана ошондой эле, Меккедеги ыйык жерлерде (Мина, Арафат, Муздалифада) ажылардын саламаттыгын сактоо кызматын көрсөтүү максатында ажыга баруучу дарыгерлердин документтерин кабыл алуу 2020-жылдын 07-февралынан 6-мартына чейин жүргүзүлөт.
- Дарыгерлер Кыргыз Республикасынын жарааны болуусу;
- Мамлекеттик саламаттык сактоо министрлигинде кызмат кылган дарыгерлер;
- Терапевт, хирург, кардиолог, үй-бүлөлүк дарыгер, травматолог, уролог, реаниматолог, акушер-гинеколог, невропатолог, санитардык-эпидемиолог дарыгерлери;
- Жалпы эмгек стажы 10 жылдан жогору жана аталган адистиктер боюнча 5 жылдан кем эмес;
- Жогорку, биринчи квалификациялык категориясы бар дарыгерлер;
- Динден кабары бар медицина кызматкерлери;
- Тандап алуу тестирлөөөнүн жыйынтыгына жараша, комиссиянын тандоосу менен жүргүзүлөт.
Тиркеле турган документтер:
-Арыз;
-Дипломдун көчүрмөсү;
-Ординатура же интернатурадан өткөн сертификаттын көчүрмөсү;
-Паспортун көчүрмөсү;
-Иштеген жерден жетекчиликтен жолдомо;
-Квалификациялык категориясынын көчүрмөсү;