9 - февральга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

09.02.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 282, анын ичинде Бишкек ш.– 209, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 28, Ош облусу – 7, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 10, Жалал-Абад облусу – 11, Баткен облусу – 14.  
Жалпы айыккандардын саны: 191 679 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

95.4

Ош шаары

97.2

Чүй облусу

96.2

Ош облусу

98.1

Талас облусу

92.4

Нарын облусу

95.1

Ысык-Көл облусу

96.3

Жалал-Абад облусу

97.2

Баткен облусу

95.9

 Жалпы:

96.0

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 9 - февралына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 97 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 53, Ош ш. – 1, Чүй облусу – 23, Ош облусу – 1, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 7, Джалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу – 3.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 199 714 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 139 394, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 60 320.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,5 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

38

15

Ош шаары

1

0

Чүй облусу

9

14

Ош облусу

0

1

Талас облусу

3

0

Нарын облусу

1

0

Ысык-Көл облусу

1

6

Жалал-Абад облусу

3

2

Баткен облусу

3

0

 Жалпы:

59

38

 
Акыркы суткада    3 479 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 684 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда – 2883 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 361, Ош ш. – 28, Чүй облусунда – 158, Ош облусунда – 19, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 39, Джалал-Абад облусунда – 31, Баткен облусунда – 33. Стационарда дарыланып жаткан 684 бейтаптардын ичинен, 351 (51,3%) орто оордукта, 277 (40,4%) оор абалда жана 56 (8,1%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1797, Ош ш. – 157, Чүй облусунда – 185, Ош облусунда – 84, Талас облусунда –  152, Нарын облусунда – 63, Ысык-Көл облусунда – 193, Джалал-Абад облусунда – 146, Баткен облусунда – 106.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 4 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте, Чуйдо (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2913 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1218, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1695.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 2 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте, Чуйдо. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7725 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 7 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 11 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 7311 медициналык кызматкер айыкты.