Кыргыз Республикасынын аймагында катталган СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат

26.12.2022

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 19.12. 2022 - 25.12.2022-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды.

Катталган 10 учурдун 3өө ооруканага жаткырылган, 7өө амбулаториялык дарыланууда.

 2022-жылдын 19декабрынан  25-декабрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 11 ай жана 26 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 21 820 учуру катталды, анын ичинен 19 809 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.