Кыргыз Республикасынын аймагында катталган СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат
13.02.2023
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 6.02. 2023 - 12.02.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды, анын ичинде 7 адам ооруканага жаткырылып дарыланууда.
2023-жылдын 6-12-февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 37 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 863 учуру катталды, анын ичинен 19 852 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.