Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат

27.02.2023

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 20.02. 2023 - 27.02.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 40 учуру катталып, анын 20сы ооруканага жаткырылып дарыланууда.

 2023-жылдын 20 -27- февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 57 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 21 925 учуру катталды, анын ичинен 19 914 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.