Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат

13.03.2023

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 6.03. 2023 - 12.03.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 32 учуру катталып, анын 15и ооруканага жаткырылды.

 2023-жылдын 6-12-мартына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 72 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 21 992 учуру катталды, анын ичинен 19 981 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.