14 - февральга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат
14.02.2022
Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук
жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19
илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 236, анын ичинде Бишкек ш.– 162, Ош ш. – 1, Чүй облусу – 20, Ош облусу – 5, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 6,
Жалал-Абад облусу – 14, Баткен
облусу – 9.
Жалпы айыккандардын саны: 192 971 бейтапты түздү.
Регион |
% |
Бишкек
шаары |
96.3 |
Ош шаары |
97.3 |
Чүй облусу |
96.2 |
Ош облусу |
98.3 |
Талас
облусу |
93.1 |
Нарын
облусу |
95.6 |
Ысык-Көл
облусу |
96.3 |
Жалал-Абад
облусу |
97.6 |
Баткен
облусу |
96.2 |
Жалпы: |
96.5 |
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 14 - февралына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 46 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 31, Ош ш. – 0, Чүй облусу – 4, Ош облусу – 0, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 0, Ысык-Көл облусу – 7, Джалал-Абад облусу – 2, Баткен облусу – 2.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү
Регион |
Лаборатордук
тастыкталган |
Клинико-эпидемиологиялык |
Бишкек
шаары |
22 |
9 |
Ош шаары |
0 |
0 |
Чүй облусу |
1 |
3 |
Ош облусу |
0 |
0 |
Талас
облусу |
0 |
0 |
Нарын
облусу |
0 |
0 |
Ысык-Көл
облусу |
3 |
4 |
Жалал-Абад
облусу |
1 |
1 |
Баткен
облусу |
2 |
0 |
Жалпы: |
29 |
17 |
Акыркы суткада – 2 382 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 485 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда – 2119 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 242, Ош ш. – 18, Чүй облусунда – 121, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 34, Джалал-Абад облусунда – 21, Баткен облусунда – 31. Стационарда дарыланып жаткан 513 бейтаптардын ичинен, 1 (0,2%) канааттандыраарлык, 231 (47,6%) орто оордукта, 205 (42,2%) оор абалда жана 48 (9,8%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1144, Ош ш. – 158, Чүй облусунда – 221, Ош облусунда – 72, Талас облусунда – 123, Нарын облусунда – 45, Ысык-Көл облусунда – 195, Джалал-Абад облусунда – 100, Баткен облусунда – 61.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 3 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2930 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1230, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1700.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 1 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7734 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 0 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 7 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 7368 медициналык кызматкер айыкты.