18 - январга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

18.01.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 153, анын ичинде Бишкек ш.– 93, Ош ш. – 3, Чүй облусу – 16, Ош облусу – 10, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 5, Жалал-Абад облусу – 20, Баткен облусу – 1.  
Жалпы айыккандардын саны: 181 225 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

92.9

Ош шаары

97.5

Чүй облусу

95.3

Ош облусу

98.1

Талас облусу

93.2

Нарын облусу

96.1

Ысык-Көл облусу

96.9

Жалал-Абад облусу

97.2

Баткен облусу

95.8

 Жалпы:

94.7

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 18 - январына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 820 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 600, Ош ш. – 12, Чүй облусу – 109, Ош облусу – 4, Талас облусу – 14, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 40, Джалал-Абад облусу – 9, Баткен облусу – 29.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 191 288 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 131 754, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 59 534.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 3,2 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

552

48

Ош шаары

12

0

Чүй облусу

101

8

Ош облусу

3

1

Талас облусу

14

0

Нарын облусу

3

0

Ысык-Көл облусу

37

3

Жалал-Абад облусу

5

4

Баткен облусу

29

0

 Жалпы:

756

64

 
Акыркы суткада    4 564 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 967 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 4770 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 506, Ош ш. – 47, Чүй облусунда – 223, Ош облусунда – 65, Талас облусунда – 21, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 20, Джалал-Абад облусунда – 45, Баткен облусунда – 30. Стационарда дарыланып жаткан 967 бейтаптардын ичинен, 14 (1,4%) канааттандыраарлык,  546 (56,4%) орто оордукта, 358 (37,0%) оор абалда жана 49 (5,0%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 3825, Ош ш. – 111, Чүй облусунда – 329, Ош облусунда – 44, Талас облусунда –  102, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 117, Джалал-Абад облусунда – 125, Баткен облусунда – 100.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 3 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 2 учур, Бишкекте (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2836 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1161, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1675.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 50 медициналык кызматкер катталды, Бишкекте - 16, Ошш. – 1,  Баткен обл – 1, Ысык-Кол обл – 5, Чуй обл – 26, Талас обл - 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7342 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 4 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 7 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 6969 медициналык кызматкер айыкты.