1 - февральга карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат

01.02.2022

Айыккандар боюнча
Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 547, анын ичинде Бишкек ш.– 372, Ош ш. – 3, Чүй облусу – 127, Ош облусу – 10, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу – 9.  
Жалпы айыккандардын саны: 188 143 бейтапты түздү.

Регион

%

Бишкек шаары

93.4

Ош шаары

97.4

Чүй облусу

95.2

Ош облусу

97.9

Талас облусу

92.6

Нарын облусу

95.2

Ысык-Көл облусу

96.3

Жалал-Абад облусу

96.6

Баткен облусу

95.0

 Жалпы:

94.8

 
Жаңы катталган учурлар
2022-жылдын 1 - февралына карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 202 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 69, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 69, Ош облусу – 7, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 22, Джалал-Абад облусу – 9, Баткен облусу – 14.
 Жалпы катталган учурлардын саны – 198 518 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 138 504, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 60 014.
Оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 0,5 түздү.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү

Регион

Лаборатордук тастыкталган

Клинико-эпидемиологиялык

Бишкек шаары

50

19

Ош шаары

0

2

Чүй облусу

54

15

Ош облусу

3

4

Талас облусу

5

0

Нарын облусу

5

0

Ысык-Көл облусу

20

2

Жалал-Абад облусу

9

0

Баткен облусу

14

0

 Жалпы:

160

42

 
Акыркы суткада    3 552 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1063 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 4903 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 596, Ош ш. – 39, Чүй облусунда – 226, Ош облусунда – 39, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 45, Джалал-Абад облусунда – 47, Баткен облусунда – 45. Стационарда дарыланып жаткан 1063 бейтаптардын ичинен, 8 (0,7%) канааттандыраарлык,  586 (55,1%) орто оордукта, 403 (37,9%) оор абалда жана 61 (5,7%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 3469, Ош ш. – 135, Чүй облусунда – 412, Ош облусунда – 88, Талас облусунда –  135, Нарын облусунда – 53, Ысык-Көл облусунда – 183, Джалал-Абад облусунда – 229, Баткен облусунда – 199.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон – 4 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 3 учур, Бишкекте – 1, Чуйдо – 2; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур, Бишкекте (вакцина албагандар). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2884 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 1195, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1689.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 7 медициналык кызматкер катталды, Жалал-Абад обл -3, Чуй обл – 4. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7704 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 5 медкызматкер айыгып чыкты,  үй карантинден – 12 медициналык кызматкер айыгып чыкты.  Жалпысынан республика боюнча – 7174 медициналык кызматкер айыкты.