Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевичтин жаркын элесине

2021-жылдын 23-февралында узакка созулган оорудан кийин, 61 жаш курагында Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевич дүйнөдөн кайтты.

Кубанычбек Шүкүрбаев 1959-жылы 7-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин ийгиликтүү аяктагандан кийин, Ош облустук ооруканасында хирургия боюнча интернатурадан өткөн.

1984 – 1988-жылдары Майлы-Сай шаардык ооруканасында хирург дарыгери болуп эмгектенген.

1988-1990-жж КММИнин хирургия бөлүмүнүн клиникалык ординатурасын Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын базасында аяктап, андан кийин аталган ооруканада эмгек жолун уланткан.

1997-жылы хирургия-политравма бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, ал жерде өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди.

2002-жылы медицина илимдеринин кандидаты наамын жактаган.

Кубанычбек Шүкүрбаев жалпы хирургия боюнча жогорку квалификациялуу адис катары көкүрөк жана ич көңдөй органдарына операция жасоонун бардык хирургиялык ыкмаларын өздөштүргөн. 38 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашуун бейтапка операция жасап, ич көңдөйүнүн жана көкүрөктүн курч ооруларын дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп киргизген. Ал 30 илимий эмгектин, 5 рационализатордук сунуштун жана ойлоп табууга 3 патенттин автору болгон. I жана II Евразиялык травматологдордун жана ортопеддердин конгрессине, 2011-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин травматологдору жана ортопеддеринин эл аралык конгрессине катышкан.

1999-жылы "Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.

Ишиндеги жогорку көрсөткүчтөрү, ак ниет эмгеги үчүн 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамына ээ болгон.

Бир нече муундан ашык жаш хирургдарды тарбиялап өстүргөн, өз ишинин профессионалы, жаш кесиптештердин насаатчысы болчу, кесиптештеринин, медициналык коомчулуктун жана бейтаптардын арасында татыктуу кадыр-баркка ээ болгон. Жумушта Кубанычбек Абдыбаевичти ишкердик сапаттары, сезимталдыгы жана кесипкөйлүгү, ал эми үйүндө - камкордугу, боорукердиги үчүн баалап келишкен. Анын жаркын элеси кесиптештеринин, жакындарынын жана досторунун жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун эмгек жамаатынын атынан Кубанычбек Абдыбаевичтин үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун азасын тең бөлүшөбүз.


Басып чыгаруу