Previous Next

Кыргызстанга Кытай өндүрүшүндөгү КОВИД-19га каршы вакцина келди

Бүгүн, 2021-жылы 19-мартта Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынын «China Biotekchnology Co LTD» компаниясы иштеп чыккан  «SinoPfarm» аталышындагы КОВИД-19га каршы вакцинанын 150 миң дозасы келди.

«SinoPharm» - бул активсиздештирилген вакцина (Вакцинаны өндүрүүдө химиялык реагенттер менен жылуулуктун эсебинен активсиздештирилген (өлтүрүлгөн) оору жаратуучу вирустар жана бактериялар же ошого окшош микроорганизмдер колдонулат. Бул ыкма адамды оорулардан эффективдүү коргоп, далилденген технологиянын тартибинде иштейт. Сасык тумоо менен полиомиелит ооруларына каршы вакцинаны иштеп чыгууда так ушул ыкма жигердүү колдонулуп, көп өлчөмдө чыгарууга шарт түзөт). «SinoPharm» вакцинасынын досьеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлүп, өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо үчүн тиешелүү чечим март айында чыгышы күтүлүүдө. Дүйнө жүзүндө «SinoPharm» вакцинасы менен Кытай Эл Республикасынын, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Бахрейндин жарандарын эсептегенде 3 миллиондон ашуун адам эмделди. Ошондой эле бул вакцинаны алган жарандарда эмдөөнүн кыйыр таасири катталган эмес.

«SinoPharm» вакцинасы +2, +8 градус температуралык шартта 3 жыл сакталат. Мындай логистика Кыргызстанда бар жана бул вакцинаны колдонууга жана сактоого жол берет. Эмдөө 25-28 күн аралыгында эки этап менен жүргүзүлөт.

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги КОВИД-19га каршы алгачкы эмдөө иштерин март айынын соңунда, апрель айларында вакцинанын каттоо досьеси даяр болуп, кароодон өткөрүлүп, Иммундаштыруу боюнча эксперттердин илимий-техникалык тобунун сунуштамалары берилген соң баштоону көздөөдө.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

Мамлекет калкка КОВИД-19 вакциналарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана коронавирус инфекциясына каршы эмдөө кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн 3 жол менен кетиши күтүлүүдө:

  1. COVAX механизми (алдыда Механизм) – калктын 20 пайызын кайтарымсыз гуманитардык жардам катары акысыз, коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо үчүн ресурстарды жана COVID-19 вакциналарына болгон талапты бириктирүүчү глобалдык аянтча (Жалпы 1 млн. 300 миң доза);
  2. Ага кошумча мамлекеттер аралык келишимдердин жана мамлекеттин эсебинен КОВИД-19га каршы вакциналарды жана чыгым материалдарын алууну каржылоо;
  1. КОВИД-19га каршы вакцинаны донордук колдоо (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы) аркылуу же алдын ала келишимдердин жардамында сатып алуу.


Басып чыгаруу