Байдавлетов Каарманбек Кочкорбаевич
Заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики
Жарандарды кабыл алуу:
ПятницаТелефон:
62-65-221987-жылы Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында туулган.
Билими: Жогорку.
2004-2010-ж.ж. – И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, «Врач – дарылоо иши» адистиги.
2010-2012-ж.ж. – С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институту, “Уролог” адистиги.
Квалификацияны жогорулатуу курстары:
2017-ж. - "Госпиталдык менеждментке киришүү"
2018-ж. – “Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздери”, Бишкек ш.
2020-ж. – “Саламаттыкты сактоодогу башкаруунун актуалдуу маселелери”, Бишкек
2020-ж. – “Медициналык кызматкердин жана медициналык жардамды пайдалануучунун укуктары”, Бишкек
2022-ж. – “Саламаттык сактоодогу башкаруунун келечеги жана көйгөйлөрү”, Бишкек
Эмгек ишмердүүлүгү:
09.2010 - 08.2012-ж.ж. – С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун урология кафедрасында дарыгер –ординатор;
04.2013-02.2017-ж.ж. – Сузак аймактык ооруканасында уролог дарыгери;
02.2017-10.2019-ж.ж. – Сузак аймактык ооруканасынын директорунун орун басары;
10.2019-02.2023-ж.ж. – Көк-Жаңгак Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору;
02.2023-08.2024-ж.ж. – Жалал-Абад облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору;
09.2024-жылдан тартып Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Кошумча маалымат:
Мамлекеттик кызматтын кенже инспектору жана аскердик наамы – запастагы кенже лейтенант.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 65 жыл» төш белгиси жана «Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик биримдигине сиңирген эмгеги үчүн» ардактуу төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы, Сузак районунун акиминин Ардак грамотасы, Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы В.К.Раимбачаеванын ыраазычылык каты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыраазычылык каты менен сыйланган.