Card image cap
Чечейбаев Эркин Маратович
министр

Жарандарды кабыл алуу:

среда

Телефон:

62-26-80

1974-жылы Бишкек шаарында туулган.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын аяктап, профилактикалык иш (санитардык врач) адистигине ээ болгон.

 2015-жылы Маастрихт университети, магистр (Ден соолук, медицина жана табигый илимдер факультети), Голландия. 

Эмгек ишмердүүлүгү:

08.1997-05.1998 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин уюштуруу-методикалык бөлүмүндө санитардык врач.

05.1998-05.2000 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда жетектөөчү адис, ММК фондунун төрагасынын жардамчысы.

06.2000-11.2000 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, реформаны ишке ашырууну координациялоо башкы башкармалыгы, ооруканаларды реструктуризациялоо компонентинин консультанты.

 11.2000-02.2008 – Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо саясатын талдоо борборунун саясат талдоочусу.

02.2008-04.2017 – «Коомдук саламаттык сактоо системасын жакшыртуу» долбоорунун менеджери (Франция).

2009-2017 – Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк банк (Барселона, Испания), көз карандысыз консультант.

04.2017-12.2017 - Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун штаб-квартирасынын жетектөөчү адиси, Женева, Швейцария.

04.2018-01.2020 - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

05.2021-06.2022 – Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Жол кырсыктарынан кийин чара көрүү» долбоору, консультант.

03.02.2025 – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин милдеттерин аткаруучу.