Card image cap
Арыкбаева Бубужан Камчыбековна
Заместитель министра

Жарандарды кабыл алуу:

кроме понедельника с 16:00 до 18:00

Телефон:

66-24-14

Талас облусунун Кара-Буура районунда 1964-жылы туулган.

 

Билими: Жогорку. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүтүргөн.  

 

Эмгек ишмерлиги:

1988-1991-жж. – Коомдук тамактануу бирикмесинде санитардык врач;

 1991-1993-жж.- Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык      эпидемиологиялык көзөмөл борборунун (МСЭКБ) санитардык врачы;

1993-1995-жж. - Чүй облусунун Мамлекеттик-санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы;

1995-2000-жж. - Чүй облусунун МСЭКБ бөлүм башчы;

2000-2004-жж. -  Чүй облусунун МСЭКБ башкы врачынын орун басары;

2004-2008-жж. -   Бишкек ш. МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы;

2008-2010-жж. – Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин мамлекеттик санитардык көзөмөл бөлүмүнүн начальниги;

2010-2012-жж. – Чүй облусунун Аламүдүн районунун МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы; 

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;

2013-жылдан тартып 2022-жылдын июнь айына чейин - Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана санитардык көзөмөл башкармалыгынын начальниги;

2022-жылдын июнь айынан бери -  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.

 

Кошумча маалымат:

Жогорку категориядагы врач, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун мыктысы.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын медалы,  Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

“Санитардык коопсуздукту камсыздоодогу өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” жана “Коомдук саламаттык сактоо тармагына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн” ардак наамдарга ээ.