Приглашение для СМИ
22.06.2022 / Просмотров: 1946
24 июня в 18:00, в амфитеатре парка «Ынтымак-2» в городе Бишкек пройдет мероприятие, целью которого является привлечение внимания общественности к проблемам, связанным с употреблением наркотиков, а также информирование населения о негативном влиянии психоактивных веществ и возможности предупреждения их употребления среди молодежи. На мероприятие приглашены блогеры, стендап комик и танцевальная группа, которая проведет флешмоб для участников акции. Будет викторина на тему здоровья с призами и подарками от партнеров.
Республиканский центр психиатрии и наркологии (РЦПН) начал информационную кампанию под названием «Спасите жизни. Поделитесь фактами о наркотиках». Акция направлена на борьбу с дезинформацией и пропаганду обмена фактами о наркотиках. Кампания приурочена ко Всемирному дню борьбы со злоупотреблением наркотиками и их незаконным оборотом.
Это НЕ БУДЕТ скучное мероприятие, где врачи-наркологи будут монотонно рассказывать о вреде наркотиков. Это будет веселый интерактивный вечер с ведущим, ди-джеем, музыкой, танцами, играми и красивой фотозоной.
Приглашаем представителей СМИ принять участие в нашей акции и сделать классный репортаж на социально-значимую тему.
По всем вопросам обращаться к Мээрим Жооданбекова, PR-специалист РЦПН
Тел. 0704 448 668
Прикрепленные файлы:
Другие Мероприятия
25.05.2023
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу: Медициналык жабдууларды, автотранспортторду, оргтехникаларды жана униформаларды тапшыруу аземи
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу:
26-майда саат 10.00дө “Hyatt Regency” мейманканасында Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) “Кыргызстанда COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга каршы саламаттыкты сактоону жана чек ара көзөмөлүн күчөтүү” долбоорунун алкагында Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) каржылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна медициналык жабдууларды, автотранспортторду, оргтехникаларды жана униформаларды тапшыруу аземи болот.
Долбоор Кыргыз Республикасына кирүү пункттарынын потенциалын зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоо жана санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлеринин жаңы пайда болгон эпидемиологиялык өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу аракеттенүү потенциалын жогорулатууга багытталган. Долбоор KOICA уюмунун ABC аталышындагы программасынын (Өнүктүрүү максатында кызматташуу аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу боюнча күн тартиби) бир бөлүгү болуп саналат. ABC программасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө COVID-19га каршы күрөштү колдоо үчүн Корей өкмөтүнүн кызматташтыкты өнүктүрүү стратегиясынын ишенимин бекемдөөнүн бир бөлүгү катары ишке ашырылууда.
Салтанатка КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вондже, Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рыспек Сыдыгалиев жана Кыргызстандагы ЭМУ Мисссиясынын жетекчиси Зейнал Гаджиев катышат.
24.05.2023
ММК өкүлдөрүнө чакыруу: Тез жардам ооруканасында компьютердик томография борборунун ачылыш аземи
2023-жылдын 25-майында саат 9:00дө Бишкек шаары, Кривоносов көчөсү, 206 дареги боюнча Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, оорукананын эмгек жамаатынын ж.б. коноктордун катышуусунда МЖӨ долбоорунун алкагында түзүлгөн экинчи компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болот.
Эске салсак, компьютердик томография борборлорун түзүү максатында 2022-жылдын 7-февралында «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографияларды (КТ) орнотуу» МЖӨ долбоору боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында 2022-жылдын 24-августунда «Афей Холдинг» ЖЧКсы жеңүүчү катары тандалып алынган. МЖӨ жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2022-жылдын 9-ноябрында «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» долбоордук компаниясы түзүлгөн.
Бул долбоор төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- Калкка КТ кызматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- Инвестицияларды тартуу;
Долбоор Кыргыз Республикасынын аймактарында жаңы КТ аппараттарын орнотууну, ошондой эле техникалык жактан эскирген жабдууларды модернизациялоону жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну ишке ашырат.
17.05.2023
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу
2023-жылы 18-майда саат 10:00дө КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекстин ачылыш жана ишке киргизүү аземи болот.
Бул жабдуулар орнотулганга чейин оорулууларды жеке клиникаларга алып барып, кан тамыр ооруларын аныктоого туура келген. Эми алынган ангиографтын аркасында диагноз коюу үчүн башка клиникаларга кайрылбай, түздөн-түз Улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө диагностика жана дарылоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жогорку технологиялуу ангиографиялык комплекс абалын тез өзгөртүүгө жана бейтапка ыкчам жетүүнү камсыз кылган кыймылдуу С формасындагы арканы, ангиографиялык столду, генераторду жана нур чагылдыргычты, детекторду, маалыматтарды чогултуу, иштетүү жана сактоо үчүн санариптик көп милдеттүү системаны, мониторлорду жана рентгендик операциялык бөлмөдө жана пульттук башкаруу модулдары жана башка кошумча жабдууларды камтыйт.