ММК өкүлдөрүнө чакыруу: Алгачкы компьютердик томография борборунун ачылыш аземи

23.03.2023 / Просмотров: 37624

2023-жылдын 24-мартында саат 10:00дө Бишкек шаары, Киев көчөсү, 27 дареги боюнча Республикалык диагностикалык борбордо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун,  Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда алгачкы компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болот.

Эске салсак, компьютердик томография борборлорун түзүү максатында 2022-жылдын 7-февралында «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографияларды (КТ) орнотуу» МЖӨ долбоору боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында 2022-жылдын 24-августунда «Афей Холдинг» ЖЧКсы жеңүүчү катары тандалып алынган. МЖӨ жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2022-жылдын 9-ноябрында «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» долбоордук компаниясы түзүлгөн.

Бул долбоор төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

- Калкка КТ кызматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- Инвестицияларды тартуу;

Долбоор Кыргыз Республикасынын аймактарында жаңы КТ аппараттарын орнотууну, ошондой эле техникалык жактан эскирген жабдууларды модернизациялоону жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну ишке ашырат.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

27.02.2024
ПРЕСС-АНОНС

28-февралда, саат 11:00дө Республикалык иммунопрофилактика борбору (Фрунзе көч., 535) кызамыкка каршы 264500 доза вакцина алат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык иммунопрофилактика борборуна вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышат.

Кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки балдар кызамыкка каршы вакцина (ККВ) менен эмдөөдөн өтүшөт. Вакцина ошондой эле республика боюнча оорулуу менен байланышта болгон бардык адамдарды шашылыш эмдөө үчүн жөнөтүлөт.

Башка аймактарда кызамык оорусуна каршы эмдөө өнөктүгүнүн экинчи фазасы ККВ вакцинасынын кошумча дозалары жеткиликтүү болгондон кийин башталат.

18.02.2024
ПРЕСС-АНОНС

19 февраля в Центре урологии Национального госпиталя с 08:00 до 13:00ч пройдут мастер классы с участием российских специалистов, во главе исполнительного директора Евразийской ассоциации урологов Евгения Безрукова. 

Кыргызские и российские специалисты проведут такие операции, как Лапароскопическая простатэктомия, Лазерная уретеролитотрипсия.

Кроме того, будут представлены лекции для специалистов по современным аспектам обучения лапароскопической и робот-ассистированной хирургии и др.                   

           По всем интересующим вопросам обращаться к секретарю Общества урологов КР 0708 410998 Улан.

18.02.2024
ПРЕСС-АНОНС

19.02.24 саат 10.00 Бишкек ш., Панфилов көч., 199 дарегинде жайгашкан Эндокринологиялык борбордо Диабеттик ретинопатияны дарылоо бөлмөсү ачылат.

   Кыргызстанда биринчи жолу кант диабетинен көздөрү жабыркаган бейтаптарды мамлекеттик клиникада (Эндокринология борбору) дарылоо мүмкүн болду. Статистикалык маалыматтарга ылайык, кант диабети менен ооруган ар бир 3чү оорулууда көздүн көрбөй калышына алып келиши мүмкүн болгон көйгөй бар. Көбүнчө адамдар бул татаалдашууну билишпейт жана көздүн көрбөй калуусун алдын алууга кыйын болуп калганда кеч кайрылышат. Лазердик дарылоо кант диабети менен жабыркаган бейтаптардагы ретинопатияны алып барууда алтын стандарт болуп саналат. Көптөгөн өлкөлөрдө лазердик дарылоо ооруканага жаткырууну талап кылбайт жана амбулатордук негизде жүргүзүлөт. Бул процедура көп убакытты талап кылбайт, бирок бейтаптын жашоо сапаты көбүнчө анын өз убагында кабыл алынышынан көз каранды, анткени кеч дарттын кеч аныкталышы же жеке медициналык борборлордогу кымбатчылыктан улам дарыланбагандыктан көптөгөн бейтаптар өтүшүп кеткен учурда кайрылышат. Анда дарылоо көп чыгымды талап кылат.

Кант диабети менен ооруган бейтаптар жылына бир жолудан кем эмес офтальмологдун кароосунан өтүшү керек, өз убагында текшерүү жана өз убагында дарылоо биздин бейтаптардын абалын жакшыртат, ал эми бардык процедураларды бир жерден өткөрүү процедураларды күтүү убактысын кыскартат.