ММКларды чакыруу

06.07.2022 / Просмотров: 2421

7-июль 2022-жыл, саат 14:00 Бишкектеги №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда (Фучик көч. 15/9) бейтапка багытталган “Кургак учукту башкаруу” деп аталган ыкманы комплекстүү киргизүү менен тааныштыруу боюнча пресс-тур өткөрүлөт. Анын максаты. кургак учукка каршы медициналык жардамды бейтаптын жашаган жерине мүмкүн болушунча жакындаштыруу, кургак учукка каршы дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ошону менен кургак учуктун жугуу коркунучун азайтуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде кургак учукка каршы кызматты санариптештирүү жана аларды каржылоо боюнча маалымат берилет.


 

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

07.12.2023
АНОНС: Автоунааларды тапшыруу аземи

2023-жылдын 8-декабрында саат 9:00. Эски аянтта Республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жана  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна жалпы суммасы 3 000 000 АКШ долларын түзгөн 47 бирдик тез жардам унаасын, 35  даана седан кузовдуу санитардык унааларын,  19 бирдик минивэн кузовдуу  санитардык унаалардын, 4 даана өлүк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана залалсыздандыруучу автоунааларды тапшыруу  аземи өтөт. 

Автоунааларды тапшыруу аземи КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, Россия Федерациясынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченконун катышуусунда өтөт.

Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун автопарктарын жаңыртуу медициналык тейлөөнүн сапатын, бейтаптарды ташуудагы коопсуздуктун жана комфорттун деңгээлин жогорулатат.

ЖМК өкүлдөрүн 7-декабрь саат 20:00гө чейин  0556 303086 номери боюнча (Жылдыз Айгерчинова, Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы) аккредитациядан өтүүгө чакырабыз.  

17.11.2023
Приглашение для СМИ

В рамках Дня действий по элиминации рака шейки матки, 20 ноября 2023 года в 15:00ч. в отеле ОРИОН (бульвар Эркиндик, 21) состоится пресс-кафе с участием депутата ЖК КР, председателя Комитета ЖК по социальной политике Винеры Раимбачаевой, по вопросу важности профилактики рака шейки матки и рака молочной железы.

На встрече лица принимающие решения расскажут о проводимой политике, по снижению заболеваемости такими грозными для женского здоровья заболеваниями, как рак шейки матки и рак молочной железы.

Профильные специалисты расскажут также о важности ранней диагностики, при которой можно провести эффективное лечение и продлить жизнь женщины. Женщины играют важнейшую роль в семье и обществе, поэтому приоритетное внимание к женскому здоровью способствует не только индивидуальному благополучию, но и укреплению и оздоровлению всего общества.

17 ноября 2020 года была принята Глобальная стратегия ВОЗ по ликвидации рака шейки матки и Кыргызстан присоединился к ней. Ежегодно, 17 ноября Всемирная организация здравоохранения и партнеры по всему миру отмечают День действий по элиминации рака шейки матки.

10.11.2023
АНОНС📢

2023-жылдын 11-ноябрында саат 10.00дө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (Ахунбаев, 192) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин катышуусунда:

- жаңы имараттагы МРТ- диагностикалык борборунун,

- мамлекеттик дарыкананын,

- стационардык бейтаптарга ургенттик кызматтын расмий ачылышы болот.