Copyright: ©

Пресс-анонс: Вирустук гепатитке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата маалыматтык-агартуу акциясы

23.07.2025 / Просмотров: 100835

Вирустук гепатитке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөнүн алкагында 2025-жылдын 26-июлунда саат 14:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы VEFA Center соода борборунда «Гепатитке каршы күрөш: тоскоолдуктарды жоёбуз» ураанынын алдында маалыматтык-агартуу акциясы өтөт.

Иш-чаранын максаты — калктын вирустук гепатиттер тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, эрте аныктоонун жана алдын алуунун маанилүүлүгүн эскертип, жарандардын өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуусуна түрткү берүү.

Иш-чаранын программасында:

  • Вирустук гепатит В жана С, ошондой эле ВИЧ боюнча акысыз экспресс-тестирлөө;
  • Медициналык кызматкерлердин кеңештери;
  • Кан басымды жана дене салмагынын индексин (ДСИ) өлчөө;
  • викторина жана белектерди тапшыруу.

Иш-чаранын уюштуруучулары:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбор.

Журналисттерди, шаар тургундарын жана конокторду бул иш-чарага катышууга жана өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү кадам таштоого чакырабыз!

 

Маалымат үчүн:
Гепатитке каршы күрөшүүнүн Бүткүл дүйнөлүк күнү жыл сайын 28-июлда белгиленип, вирустук гепатит тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга багытталган.

2025-жылдагы кампаниянын темасы — «Гепатитке каршы күрөш: тоскоолдуктарды жоёбуз». Бул ураан гепатитти жугуштуу оорулар катарынан жок кылууга жана боор рагынан натыйжалуу коргонууга тоскоол болгон каржылык, социалдык жана системдик факторлорду (анын ичинде кодулоону) жоюу үчүн шашылыш чара көрүү зарылдыгын эске салат.

Вирустук гепатиттер — негизинен боорду жабыркаткан кеңири таралган жугуштуу оорулар. Айрыкча гепатит В жана С оор кесепеттери менен өзгөчө кооптуу.

Жугуу жолу — гепатит менен ооругандардан же вирус алып жүргөн адамдардан дени соо адамдын организминине кан аркылуу өтүү менен болот. Эң негизгиси — көп учурда гепатит В жана С белгилерсиз өтөт. Көпчүлүк адамдар өзүндө бул оору бар экенин билбей, башкаларга жугузушу мүмкүн.

Гепатит вирусунун бар же жок экенин кан анализи аркылуу гана аныктоого болот.

Прикрепленные файлы:

Другие Мероприятия

12.11.2025
ММК өкүлдөрү үчүн чакыруу

2025-жылдын 13–14-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, «Жаннат» мейманканасы (Аалы Токомбаев көч., 21/2)

Бишкек шаарында дем алуу органдарынын оорулары жана аллергия боюнча XIII Улуттук конгресс өтөт.

Иш-чара Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген респиратордук медицина жаатындагы адистерди бириктирет. Конгресске Улуу Британиянын, Даниянын, Швейцариянын, Нидерланддын, КМШ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттери жана клиницисттери катышат.

Конгресс дем алуу органдарынын ооруларын жана аллергияны аныктоо, дарылоо жана алдын алуудагы заманбап ыкмаларды талкуулоого арналган маанилүү кесиптик аянтча болот. Күн тартибинде — бронхиалдык астманы жана өнөкөт обструктивдүү өпкө ооруларын көзөмөлдөө, антимикробдук резистенттүүлүк, өнөкөт дем алуу оорулары бар бейтаптарды реабилитациялоо, узак мөөнөттүү кычкылтек терапиясы, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана дарылоону баштапкы звенодо интеграциялоо маселелери каралат.

Программада: пленардык докладдар, панелдик талкуулар жана алдыңкы адистердин катышуусундагы окуу семинарлары өткөрүлөт.

Кошумча маалымат үчүн:
📞 +996 708 878 525 — Магдиева Камила

11.11.2025
ММК үчүн чакыруу

2025-жылдын 12–13-ноябры, саат 09:00
Бишкек шаары, Hyatt Regency Bishkek мейманканасы (Абдрахманов көч., 191)

Ар жылы 14-ноябрда дүйнө коомчулугу кант диабети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүн белгилеп, бул оорунун алдын алуу, эрте аныктоо жана сапаттуу дарылоонун маанисине көңүл бурат.

Дүйнөлүк кант диабети менен күрөшүү күнүнүн алкагында «Кант диабети — заманбап медицинанын чакырыгы» аттуу илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага алдыңкы эндокринологдор, ДССУнун эксперттери, Эл аралык диабет федерациясынын (IDF) өкүлдөрү, илимий коомчулуктун мүчөлөрү жана Кыргызстан менен чет өлкөлөрдөн келген тажрыйбалуу дарыгерлер катышат.

Программада:
– диабетти дарылоонун заманбап ыкмалары;
– оорунун татаалдашуусунун алдын алуу;
– мониторингдин жана инсулин терапиясынын жаңы технологиялары;
– «Саламаттык үчүн диалог: диабетке каршы биргелешкен аракеттер» аттуу тегерек стол.

25.09.2025
ММК үчүн чакыруу: Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында седация/анестезия астында стоматологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышы

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн седация/анестезия астында  стоматологиялык жардам көрсөтүү түзүмүнүн ачылышы

🗓 Датасы жана убакыты: 2025-жылдын 26-сентябры, саат 11:00
📍 Дареги: Эне жана баланы коргоо улуттук борбору (ЭжБКУБ), Бишкек ш., Ахунбаев көч., 190

ЭжБКУБ ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүбалдарга  седация же жалпы наркоз менен стоматологиялык, анын ичинде шашылыш хирургиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген түзүмүн ишке киргизүүдө.

Жалпы 20 млн сомго жакын каражатка жабдуулар, шаймандар жана керектелүүчү материалдар (стоматологиялык отургучтар, наркоздук-дем алуу аппараттары, кардиомониторлор, ЭКГ, дефибриллятор, ИМН жана башка) сатып алынып, имаратка капиталдык оңдоо жүргүзүлдү. Анестезиологиялык жардам үчүн бөлүм Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында севофлуран препараты менен камсыздалды.

Жаңы түзүм шашылыш агымды жеңилдетип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды электрондук кезек аркылуу кабыл алууну камсыздайт (күнүнө болжол менен 2–3 бала).

Бөлүмдүн дарыгерлери С.Б.Данияров атындагы Квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды алып баруу боюнча максаттуу окутуудан өтүшөт.