СПИДден каза болгондорду эскерүү күнү

17.05.2022 / Просмотров: 1300

Бүгүн, 17-май 2022-жылы СПИДден каза болгондорду эскерүү күнүнө карата пресс-кафе болуп өттү.

Иш-чара #ВИЧ жана #СПИД менен күрөшүп жатып каза болгондордун элесине эскерүү мүнөтүнөн башталды.

 

 Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси менен жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде ВИЧ/СПИДден каза болгон адамдарды эскерүүнүн эл аралык күнү белгиленет. 2022-жылы Бүткүл дүйнөлүк СПИДден көз жумгандарды эскерүү күнү “Биздин эсибизде! БИЗ аракеттенүүдөбүз! БИЗ ВИЧтен жогорубуз!” девизи алдында белгиленди.

Күндүн темасы ар бир адамдын жана бүтүндөй коомдун жашоосуна таасирин тийгизген ВИЧ-инфекциясынын бардык аспектилерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилейт. Бул ВИЧ инфекциясынын андан ары жайылышына каршы турууга даярдыгын жана каалоосун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Бул өзүң жана жакындарың жөнүндө ойлонууга, каза болгондордун элесин урматтоого, ВИЧ менен жашаган адамдарды түшүнүү үчүн бардыгын жасоого мүмкүнчүлүк. Дүйнөлүк статистиканын маалыматы боюнча, байкоо жүргүзүлгөн убакыт ичинде СПИД менен байланышкан оорулардан 32,7 миллион адам каза болгон. Учурда Кыргыз Республикасында ВИЧ-инфекциясынын жалпы 11 381 учуру аныкталса, анын 10 732си Кыргызстандын жарандары. Республикада ВИЧ-инфекциянын жыныстык жол менен жугушу басымдуулук кылат – 53% (кумулятивдик түрдө) (2021-жылга – 82%). Оорулардын эң көп саны 25 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында катталган. Оорулуулардын структурасында ар бир 10 адамдын ичинен алтысы эркек.

Бүгүнкү күндө ВИЧ-инфекциясын алдын алууда эң негизгиси калктын ден соолугуна болгон мамилесин өзгөртүү болуп саналат. Антиретровирустук терапиянын пайда болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында дарыгерлердин сунуштарын жана коопсуз жүрүм-турум эрежелерин сактоо менен ВИЧ-инфекциясы менен жашоонун сапатын сактоого болот. Вирусту өз убагында аныктоо толук кандуу жашоого - иштөөгө, үй-бүлө курууга, дени сак балдардын төрөлүүсүнө мүмкүндүк берет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.