Талыкпаган эмгегиңер үчүн таазим!

01.07.2022 / Просмотров: 1573

Бүгүн, 2022-жылдын 1-июлунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын залында медицина коомчулугунун Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйыны өтттү.

Салт боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагынын мыкты жана татыктуу кызматкерлери сыйланып жана COVID-19 пандемиясында дарыгерлер менен бирге адамдардын өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөткөн ыктыярчылар да ыраазычылык каттарын алышты.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. «Урматтуу медицина кызматкерлери, бүгүн сиздердин кесиптик майрам болуп жатат, ушул күнү сиздерге жылуу сөзүбүздү, ниетибизди билдирип келдик. Сиздер COVID-19 учурунда, эң оор учурда баатыр экениңиздерди көрсөттүңүздөр. Күжүрмөн, талыкпаган эмгегиниңиздердин негизинде көптөгөн адамдарыбыздын  өмүрү узарды, апаатка туш болбой эсен-соо айыгып кетишти. Указга ылайык медиктердин айлык акылары көтөрүлдү, келечекте дагы, үчүнчү ирет көтөрүлгөну күтүлүүдө, кудай буюрса жылдын аягында дагы медиктердин айлыгы көтөрүлөт деген биздин ой-тилегибиз бар. Ушул күнү бардык дабагерлерге, ушул окуу жайда окуп жаткан студенттерге ишине ийгиликтерди каалап, элдин керегине жараган күжүрмөн ак халатчан алдыңкы катардагы адамдар болуп жүрө беришине тилектешмин. Майрамыңыздар менен урматтуу дарыгерлер», - деди өз сөзүндө Суйунбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Мемлекеттик катчысы.

Андан соң кесиптештерин КР Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков куттуктап, бул кесип дүйнөдөгү эң асыл кесиптердин бири экенин баса белгиледи. "Дарыгерлер жардамга муктаж болгондорго жардам көрсөтүүгө жана жаңы чакырыктарга ар дайым даяр", - деди министрдин милдетин аткаруучу.

Мындан тышкары, Жаркынбек Касымбеков медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын ынтымактуу жана жан аябас эмгегинин аркасында пандемиянын чабуулун ооздуктоого жана миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгонун баса белгиледи. Ал бардык дарыгерлерге кесиптик чөйрөдө ийгиликтерди, бакыт жана ден соолук каалап, алардын жан аябас эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү жыл сайын июлдун биринчи жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул дата 3-июлга туура келет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.

27.03.2024
Бишкекте “Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдө кардиологияны өнүктүрүүдөгү инновациялар жана технологиялар” конгресси өтүүдө

2024-жылдын 27-мартында Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн Эл аралык медициналык конгресси ишин баштады. Конгресс 27-марттан 29-мартка чейин өтөт.

Көрүнүктүү окумуштуу жана клиницист академик, Социалисттик эмгектин баатыры Мирсаид Миррахимовдун жаркын элесине арналган конгресске ШКУга мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин жана башка өлкөлөрдүн кардиология, ички жана тоо медицинасы боюнча алдыңкы окумуштуулары жана адистери, жаш окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жана илимий уюмдардын өкүлдөрү, ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук илимий жана медициналык борборлорунун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ДССУнун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Конгресстин максаты - ШКУга мүчө мамлекеттерде кардиология жана ички оорулар тармагындагы заманбап жетишкендиктерди жана алдыңкы тажрыйбаларды көрсөтүү, инновациялык технологияларды, фармацевтикалык продукцияларды жана медициналык жабдууларды практикалык медицинага киргизүү.

  «Бүгүн биз маанилүү саламаттык сактоо маселелерин талкуулоо жана конкреттүү иш пландарды иштеп чыгуу үчүн чогулуп жатабыз. Ар түрдүү өлкөлөрдүн өкүлдөрү жалпы максат болгон  журок-кан тамыр жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү үчүн бириккен. Биздин биригүүбүз жана билим алмашуубуз бул көйгөйлөргө каршы күрөшүүдө күчтүү курал болот деп ишенем. Кыргызстан изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү активдештирүүгө жана кардиология, кардиохирургия жана ички оорулар боюнча заманбап илимий кластерлерди түзүүгө умтулууда. Бул аракеттер бизге дарт аныктоонун жана дарылоонун жаңы ыкмаларын иштеп чыгууга, биздин медициналык практиканын натыйжалуулугун жогорулатууга жана өлүм деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. Аны менен катар эл аралык кызматташуунун жана тажрыйба алмашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешибиз керек”, - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Адистердин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2021-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү 52,3%ды, ал эми жалпысынан жугуштуу эмес оорулардан көз жумгандардын көрсөткүчү 80% ашуунду түздү. Жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмгө учурагандар негизинен жүрөктүн коронардык оорусунан (ЖКО), анын ичинде миокарддын курч инфаркты (МКИ), артериялык гипертензиядан (АГ), олуттуу жүрөк аритмиясынан жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигинен (ӨЖЖ) келип чыгат. Ошондуктан стратегияларды жана стандарттарды иштеп чыгуу, жаңы жогорку эффективдүү моделдерди жана башкаруунун жогорку технологиялык жана инновациялык ыкмаларын киргизүүнүн негизинде ЖКТО менен ооруган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун заманбап системасын түзүү маанилүү.

Белгилей кетчү нерсе, өлүмдүн жана майыптуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнөн улам жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу эмес оорулар Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирген өлкөлөрдө да олуттуу көйгөй болуп саналат. Бул өз кезегинде биргелешкен стратегияларды иштеп чыгуу жана ДССУнун программаларынын жана БУУнун Миң жылдыктын Декларациясынын алкагында саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамды уюштуруунун жогорку эффективдүү моделдери жана системаларын түзүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат.

Конгресстин программасы кардиология, кардиохирургия, ички жана тоо медицинасы чөйрөсүндөгү акыркы сунуштарга жана иштеп чыгууларга, далилдерге негизделген маалыматтарга, саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлдеринде медициналык жардамдын жогорку натыйжалуу системасын өркүндөтүүгө жана түзүүгө, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык жаңы муундагы адистерди даярдоого багытталат.