Copyright: Пресс-служба МЗ КР©
Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI жыйыны өтүүдө
15.11.2023 / Просмотров: 3352
2023-жылдын 14-15-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин төрагалыгы алдында КМШнын Саламаттык сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин XXXVI отуруму өтүүдө, анда Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин медициналык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.
Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтык кеңеши бүгүнкү күндө өзүнүн актуалдуулугун жана натыйжалуулугун далилдеген саламаттык сактоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык диалогдун алдыңкы жана туруктуу платформасы бойдон калууда. Буга акыркы жылдардагы чакырыктар өбөлгө түздү. Бул бардык мамлекеттер туш болгон пандемия. Анын катарында дагы эле олуттуу жана актуалдуу маселе болуп саналган жугуштуу эмес оорулар да бар. Бул биз туш болуп келе жаткан социалдык илдеттер, бүгүнкү күндө биз аларды жеңип жатканыбыз менен, мааниси дагы эле жогору экенин сезилип турат.
«Биздин өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системалары жарандарыбыздын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган. Шериктештиктин алкагындагы өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасы үчүн чоң кызыгууну жаратат жана биз базалык уюмдар менен да, Кеңештин комиссиялары менен да өз ара кызматташабыз. Ал эми Кеңештин мүчөлөрү менен болгон диалог министрликтердин деңгээлинде кызматташуунун негизги вектору болуп саналат. Кеңештин алкагында жасап жаткан иштерибиз биринчи кезекте КМШнын жогорку органдарынын чечимдерин ишке ашырууга негизделгенин белгилегим келет. Ал эми бизге жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн биргелешип бардык күч-аракетибизди жумшашыбыз керек”, -деп билдирди КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.
Кеңеш кабыл алган чечимдер Шериктештикке мүчө мамлекеттерге макулдашылган саясат жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко өз сөзүндө белгилегендей, төрт сааттык аба жолу жугуштуу ооруга таптакыр тоскоол эмес. «Убакытты кыскартып, ошону менен жугуштуу оорулардын өнүгүшүнө же жайылышына шарт түзгөн бүгүнкү коммуникациялар, бүгүнкү транспорт каражаттарын эстен чыгарбашыбыз керек. Ошондуктан, биздин сиздер менен болгон өз ара аракеттенүүбүз конструктивдүү түрдө өз ара пайдалуу болууга жана, албетте, биринчи кезекте жарандарыбыздын ден соолугуна багытталышы керек. Бул факторлордун баары акыр аягында жогорку даярдыкты, медициналык жардам көрсөтүүгө бирдиктүү мамилени жана бирдиктүү жөнгө салуучу учурларды талап кылып, Евразиялык биримдиктин алкагында бизге дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногуна ээ болууга мүмкүндүк берет. Мына ушулардын бардыгы жаңы технологияны ишке киргизүүгө жана дарылоонун жаңы методдорун киргизүү үчүн мамлекеттик ресурстарды үнөмдөөгө мүмкүндүк берген ачык-айкын өз ара пайдалуу кызматташтык. COVID-19 чакырыгы саламаттык сактоо тутуму кыйынчылыкка туш болгондо биз канчалык натыйжалуу кызматташа аларыбызды көрсөттү. Адистер менен алмашуу, бейтаптарды биргелешип дарылоо, жаңы жана үзгүлтүксүз жаңыланып турган дарылоо сунуштары - бул аралыктан окутуу үчүн маалымат ресурстарына тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүк. Мунун баары бизге жаңы багытта алдыга жылууга шарт түзөт», - деди Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы М.Мурашко.
Үстүбүздөгү жылы Евразия экономикалык комиссиянын чечими менен КМШга мүчө-мамлекеттердин калкынын ден соолугун чыңдоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы кабыл алынган. Планды даярдоого көптөгөн мамлекеттердин эксперттери катышты. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагын маалыматташтыруу жана коомдук саламат боюнча базалык уюмдар түзүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында делегация мүчөлөрү Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын иши менен таанышты. Тактап айтканда, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Улуттук онкология жана гематология борборуна, Республикалык кан борборуна, Электрондук саламаттык сактоо борборуна, Стоматологиялык поликлиникага, Үй-бүлөлүк медицина борборуна, Улуттук госпиталга, М.М.Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборуна, Эндокринологиялык борборго, Улуттук фтизиатрия борборуна, Шаардык тез жардам ооруканасына барышты. Ошондой эле И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медициналык кадрларды даярдоонун уюштурулушу менен таанышты.
Мындан тышкары, эксперттер Бүткүл дүйнөлүк диабетке каршы күрөшүү күнүнө арналган “Диабетти дарылоого жеткиликтүүлүк” илимий-практикалык конференциясына катышты.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.