Copyright: ©
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат
13.11.2024 / Просмотров: 8042
Учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал 45-жума боюнча туруктуу, расмий статистика боюнча медициналык уюмдарга кайрылган жарандар арасында КРВИнин 4275 учуру катталды, алардын 70%ы 14 жашка чейинки балдар. Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл жана Чүй облустарында калктын көптүгүнө байланыштуу башка аймактарга салыштырмалуу оорунун көрсөткүчү жогору.
Көрсөткүч 2024-жылдын өткөн жумасына (44 жума 80,8) салыштырмалуу -25,5% га азайган. Лабораториялык маалыматтарга ылайык, КРВИ менен ооругандардын саны өлкөдө жыл сайын катталуучу риновирустар, респиратордук синцитиалдык вирустар, аденовирустар, парагрипп сыяктуу кеңири таралган курч вирустук инфекциялардан келип чыгат.
Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун башталышына байланыштуу Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору жаңы график боюнча иштеп жатканын маалымдайбыз.
Иш күндөрү: 8.00дөн 20.00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби: 8.00дөн 18.00гө чейин.
График Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген.
Урматтуу жарандар, эгерде КРВИ же сасык тумоо белгилери пайда болсо, ҮМБдагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылыңыз!
Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун каттоо жайынын байланыш телефондору:
ҮМБ №1 - 0312 64 45 42;
ҮМБ №2 - 0312 21 03 57;
ҮМБ №3 - 0312 32 52 32;
ҮМБ №4 - 0312 43 39 07;
ҮМБ № 5 - 0312 63 51 23;
ҮМБ № 6 - 0312 57 02 84;
ҮМБ № 7 - 0312 66 20 44;
ҮМБ № 8 - 0312 42 69 62;
ҮМБ № 9 - 0312 21 17 32;
ҮМБ № 10 - 0312 67 82 74;
ҮМБ № 11 – 0312 33 31 05.
Маалымат үчүн:
Абанын температурасынын төмөндөшү адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, иммундук системага таасир этип, организмдин коргонуу күчүн төмөндөтүшү менен адамдар түрдүү респиратордук вирустук инфекцияларга кабылышы мүмкүн.
Ошондуктан, КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу үчүн сиз жөнөкөй эрежелерди сакташыңыз керек, мисалы:
- беткап кийүү режимин жана социалдык аралыкты сактоо;
- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө оозду жана мурунду жүз аарчы менен жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
-жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилер пайда болуп, өзүн начар сезген адамдарды өз убагында изоляциялоо;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, үзгүлтүксүз
жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).
Эгерде сиздин балаңызда КРВИнин белгилери пайда болсо,
үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылыңыз.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
29.12.2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги майрам жана дем алыш күндөрүндө саламаттык сактоо уюмдарынын иштөө тартиби тууралуу маалымдайт.
Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана үзгүлтүксүз көрсөтүлүшүн камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 30–31-декабрында республика боюнча бардык медициналык уюмдарда күчөтүлгөн иш тартиби камсыздалат. Бул күндөрү медициналык кызматкерлердин кошумча нөөмөттөрү уюштурулуп, кызматтардын жогорку даярдыгы камсыз кылынат, ошондой эле калкка шашылыш жана тез жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
2026-жылдын 1-9-январь аралыгында, жаңы жылдык каникул күндөрүндө, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иштеп, жооптуу кызматкерлердин нөөмөттөрү уюштурулат. Медициналык мекемелерде күнү-түнү тез жардам көрсөтүү камсыздалып, шашылыш дарылоого муктаж бейтаптарды жаткыруу үчүн керебеттердин резерви түзүлөт. Ошондой эле зарыл болгон дары-дармектердин, медициналык буюмдардын, кан компоненттеринин жана алардын резервдеринин жетиштүүлүгү камсыздалат.
Амбулатордук деңгээлде — үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгердик практика борборлорунда жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда — 1–9-январь күндөрү үй-бүлөлүк дарыгердин, үй-бүлөлүк медайымдын жана каттоо бөлүмүнүн нөөмөттөрү 08:00дөн 18:00гө чейин, ал эми дарылоо кабинеттери 14:00гө чейин иштейт.
Тез жардам кызматы Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында демалышсыз, күнү-түнү иштейт. Мындан тышкары, санитардык авиациянын үзгүлтүксүз иши, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистеринин жана лабораториялардын нөөмөтү майрамдык жана дем алыш күндөрү да камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдык майрамдар мезгилинде калкка медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлөрүн белгилеп, жарандарды зарыл болгон учурда медициналык уюмдарга өз убагында кайрылууга чакырат.
26.12.2025
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
2025-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда колдонулуп жаткан Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында дары-дармек менен камсыздоо маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы кызматташуунун негизги багыттарына — улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, өмүр үчүн зарыл дары-дармектерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр сапаттуу дары-дармектерге адилеттүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин жана бул Туруктуу өнүгүү максаттарына, айрыкча «Чың ден соолук жана бакубаттуулук» максатына жетүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи.
Өзүнчө көңүл сатып алуулардагы ачык-айкындуулукка жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга бурулду. Каныбек Досмамбетов системалуу өзгөрүүлөрдүн зарылдыгын белгилеп, алар адилетсиз практикаларды четтетүүгө жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталышы керектигин айтты.
«Мамлекет жыл сайын дары-дармек сатып алууга олуттуу каражаттарды багыттайт, биздин милдет — бул ресурстарды мүмкүн болушунча ачык-айкын жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу. Биз сатып алуулар тармагында тартипти катуу орнотууга, системаны адилетсиз практикалардан тазалоого жана туруктуу, чынчыл кызматташтыкты курууга багыт алдык. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен бул кызматташтык системалуу жана узак мөөнөттүү мүнөздө болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Каныбек Досмамбетов.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экенин, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды колдоо, жеткирүү чынжырларын башкаруу, санариптик чечимдер, фармакологиялык көзөмөл жана саламаттык сактоо тутумунун институционалдык потенциалын жогорулатуу багыттарында көмөк көрсөтүүнү ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун жоболорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга макулдашышты. Бул иш конкреттүү, өлчөнө турган натыйжаларга багытталып, дары-дармек коопсуздугун чыңдоого жана бейтаптардын кызыкчылыктарын коргоого кызмат кылмакчы.
25.12.2025
Кыргызстанда 2026-жылы ажылыкка зыярат кылуучуларга эмдөө иш-чаралары уюштурулду
Санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жугуштуу оорулардын жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан 2026-жылы Меккеге ажылык сапарга баруучу жарандарды профилактикалык эмдөөнү жүргүзүү уюштурду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бекитилген буйругуна ылайык, бардык зыяратчылар менингококк инфекциясына, ошондой эле сезондук сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Бул чаралар эл аралык саламаттыкты сактоо жана санитардык талаптарга жооп берет жана ажылыкка кирүү үчүн милдеттүү талап болуп саналат.
Эмдөөлөр 2025-жылдын 23-декабрынан 30-декабрына чейин республиканын бардык аймактарындагы саламаттык сактоо уюмдарында 1-таблицага ылайык жүргүзүлөт, милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өтүшөт. Эмдөөлөр бардык коопсуздук талаптарына, «муздак чынжырча» стандарттарына жана инфекцияны көзөмөлдөө эрежелерине жооп берет.
1-таблица
2026-жылдагы ажылык сапарга баруучуларга эмдөө жүргүзүлгөн жерлердин тизмеси
| № | Аймактар | Вакцинацияланган жер |
| 1 | Ош облусу жана Ош шаары | №8 ΥМБ Ош областтык жана Ош ш. эмдөө кабинети, Ж.Райымбекова көч. №22 |
| 3 | Жалал-Абад облусу | Манас шаары, Курманбек көчөсү, №13, №2 ҮДТнын эмдөө кабинети |
| 4 | Баткен облусу | Баткен облусунун ҮМБ эмдөө кабинети, Султанмурат көчөсү, Мин башы №14 |
| 5 | Талас облусу | Талас шаары, областык ҮМБ эмдөө кабинети, Бердике Баатыр көчөсү №293 |
| 6 | Ысык-Көл облусу | Каракол шаары, областык ҮМБ, Абдрахманов көчөсү, № 121 |
| 7 | Нарын облусу | Нарын шаары, областык ҮМБ, эмдөө кабинети Качкынов көчөсү №5 |
| 8 | Чуйская аймак | -ЖДПБ Кант шаары, Ысык-Ата району, көч. Иманкулова №6. - ҮДТ Военно-Антоновка, Сокулук району, Фрунзе көчөсү б/н |
| 9 | Бишкек | Бишкек шаары, №5 ҮМБнын эмдөө кабинети, Курманжан Датка көчөсү, №109а |
Бардык катышкан саламаттыкты сактоо уюмдары эмдөө үчүн зарыл болгон вакциналар жана каражаттар менен камсыздалган. Эмдөө аяктагандан кийин ар бир зыяратчы белгиленген үлгүдөгү эмдөө сертификатын алат жана маалымат электрондук эмдөөнү каттоо системасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2026-жылы ажылыкка барууну пландап жаткан жарандарды белгиленген эмдөө пункттарында өз убагында медициналык кароодон жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Бул чараларды сактоо зыяратчылардын ден соолугун коргоо жана өлкөгө жугуштуу оорулардын киришинин алдын алуу үчүн абдан маанилүү.