Дары-дармек департаментинин адистери дары-дармектерди жана вакциналарды жүгүртүүнүн ченемдик аспектилери боюнча окуунун жыйынтыктоочу этабынан өтүштү

13.09.2022 / Просмотров: 1076

5-10-сентябрда дары каражаттары менен вакциналарды пайдалануунун жөнгө салуучу аспектилери боюнча окутуп-үйрөтүүчү иш-чаралардын алкагында Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти үчүн тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле, тренингдерге Өзбекстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Фармацевтика тармагын өнүктүрүү агенттигинин «Дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жана медициналык техниканы экспертизалоо жана стандартташтыруу боюнча мамлекеттик борбору» аттуу мамлекеттик унитардык ишканасынын өкүлдөрү катышты.  
Тренингдин лекторлору: 
Тулегенова А. У.  – д.ф.н., профессор, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ардактуу мүчөсү, ЕАЭБ Фармакопея комитетинин төрагасы, КР ГФ жана ЕАЭБ фармакопеясын өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы.
Сеткина С.Б. – БСУ эксперти, ЕАЭБ жумушчу тобунун мүчөсү.
Александров А.В. – ВИАЛЕК компаниялар тобунун жетекчиси, фармацевтикалык ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча эл аралык эксперт, USP аккредитацияланган кеӊешчи, сапат боюнча Европа уюмунун (EOQ) жетектөөчү аудитору, ISPE, PDA, IEST эл аралык уюмдардын ассоциацияланган мүчөсү. 
Биринчи бөлүмдө төмөнкү темалар талкууланып, кеңири каралып чыкты:
 Дары каражаттарынын сапатына Фармакопеянын принциптери жана талаптары, 
 Дары каражаттардагы аралашмалар жана аларды көзөмөлдөөнүн фармакопеялык принциптери, 
 Дары каражаттардын сапатын көзөмөлдөө үчүн биологиялык тестирлөө.  
 Биологиялык препараттарды өндүрүү процесстерин иштеп чыгуу жана стандартташтыруу боюнча заманбап талаптар. 
 Өндүрүш процесстерин валидациялоонун натыйжаларын баалоо. 
 Quality by Design (QbD) концепциясына киришүү
 Биологиялык дары каражаттарына 2.3 модулдары жана 3 ОТД. «3 ОТД модулуна карата эксперттик Отчетторго талаптар»
Экинчи бөлүм фармакологиялык көзөмөл системасынын жөнгө салуу практикасына жана инспекциясына тийиштүү фармакологиялык көзөмөл практикасын (GVP) киргизүүгө арналган.

Тренинг ДКжанаМБД кызматкерлеринин жөнгө салуу потенциалын чыңдоо максатында өткөрүлөт жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана USAIDдин колдоосу менен уюштурулууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.04.2024
Кенелер ойгонду

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.

Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.

Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери

Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.

Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.

Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?

Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.

Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?

Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.

Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.

Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.

Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.

Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.

15.04.2024
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал

   Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 15-жумасында (04.08-14.04.24) республика боюнча өткөн жумага (14-жума и.к. 58,9) салыштырмалуу КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 3775 (и.к. 53,2) катталып, -10%га төмөндөдү. Бардык оорулардын 69,6%ы 14 жашка чейинки балдар.

Октябрдан бери 2033 үлгү алынды, анын 317си оң, анын ичинде А тумоосунун 234 учуру - 73,8% (анын ичинде H3N2 –231, A/H1N1pdm-3), В грипп – 0,3% (1), COVID-19 –25,9% (82). Лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылат – 32,2% (184), РС вирусу – 23,8% (136), I-IV парагрипп – 16,8% (96), башкалар – 27,2% (156).

Оорунун деңгээли республикалык көрсөткүчтөн (53,2-б.) жогору Бишкек (90,9), Ош (166,5) шаарларында жана Ысык-Көл (92,0), Баткен (67,2) облустарында катталууда.

Республикада COVID-19 инфекциясына жумалык мониторинг уланууда. 15-жума ичинде Бишкек шаарында 1 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

#грипп #эпидемиологиялык абал

15.04.2024
ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат

ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон сапары учурунда айтты. Аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.

Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.