Кыргызстанда “Үй-бүлөнү пландаштыруу – 2030” жаңы программасы ишке кирди

01.07.2022 / Просмотров: 1638

2022-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында “Үй-бүлөнү пландаштыруу-2030” жаңы программасын ишке киргизүү боюнча иш-чара болуп өттү, анда “Үй-бүлөнү пландаштыруу-2030” жаңы программасынын максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери сунушталды.

 

Иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбековдун, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн, кызыкдар министрликтер менен ведомстволордун, үй-бүлөнү пландаштырууну илгерилетүү боюнча биргелешип иш алып барган эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда өттү.

 

Жаркынбек Касымбеков өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленип, эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатында жүргүзүлүп жаткан эне жана баланын өлүмүн кыскартууга багытталган иш-чаралар акыркы жылдары жакшы натыйжаларды берип жатканын белгиледи. Бирок, төмөндөө тенденциясына карабастан, Кыргыз Республикасында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында дагы эле жогору бойдон калууда, калктын жогорку сапаттагы контрацептивдерди эркин тандоо, алуу жана пайдалануу укуктарын камсыз кылууда дагы эле жетишсиз жылыштар байкалууда. «Үй-бүлөнү пландаштыруунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бардык кемчиликтерге терең талдоо жүргүздү жана 2030-жылга чейин Үй-бүлөнү пландаштыруунун глобалдык Катчылыгы менен жаңы милдеттенмелерди түздү. Мен мамлекет, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын биргелешкен күч-аракети менен гана ар бир адам сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон жогорку сапаттагы маалымат жана үй-бүлөнү пландаштыруу кызматтарына жетүүгө жетишебиз ишенем», - деди министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.

 

Быйылкы жылы кабыл алынган өлкөнүн милдеттенмелерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кызыкдар донорлор, эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУнун Калкты жайгаштыруу Фонду жана Глобалдык Үй-бүлөнү пландаштыруу Катчылыгы менен кызматташууну улантат.

 

Маалымат үчүн:

 

«Үй-бүлөнү пландаштыруу – 2030» программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери.

 

2030-жылга чейин клиникалык протоколдорду/колдонмолорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле төрөттөн жана аборттон кийин бардык бейтаптарга үй-бүлөнү пландаштыруу жана ыктыярдуу контрацепция боюнча сапаттуу консультацияларды берүү аркылуу жана бул процесске жеке медициналык мекемелерди тартуу менен ҮП кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу.

2030-жылга карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынган контрацептивдик каражаттардын жеткирүү чынжырын башкаруунун көрүнүктүүлүгүн өнүктүрүү жана жогорулатуу, 2030-жылга чейин санариптик технологияларды колдонуу менен акыркы колдонуучулар үчүн контрацептивдердин ар кандай түрлөрүнүн аймактык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

2030-жылдын аягына чейин репродуктивдүү ден соолук маалыматына жана кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү аркылуу 18-19 жаштагы сексуалдык активдүү өспүрүмдөргө басым жасоо менен өспүрүмдөр арасындагы төрөттү 1000 аялга 50дөн 1000 аялга 40ка чейин төмөндөтүү.

2030-жылдын аягына чейин репродуктивдүү ден соолук үчүн минималдуу баштапкы тейлөө пакетин (МБТП) колдонуу менен үй-бүлөнү пландаштырууну кошо алганда, сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча минималдуу стандарттарды улуттук даярдык/кырсык коркунучун азайтуу планына интеграциялоо.

Энелердин өлүмүнүн жогорку медициналык-социалдык коркунучунун тизмесиндеги репродуктивдүү курактагы аялдардын контрацептивдерди колдонуусун камтууну 2026-жылга карата 60%га жана 2030-жылга чейин 70%га чейин жогорулатуу үчүн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды үй-бүлөнү пландаштырууга бөлүү жана толук чыгымдоо.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.04.2024
Кенелер ойгонду

Кенелердин активдүүлүгүнүн мезгили келди, суук түшкөнгө - кеч күзгө чейин созулат.

Кене энцефалити – бул биринчи кезекте борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч жугуштуу вирустук оору. Оорунун кесепеттери майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене энцефалитинде адам өзүн алгач алсыз жана начар сезет. Болжол менен бир жумадан кийин бул симптомдор басаңдашы мүмкүн, бирок андан кийин катуу баш оору жана жогорку дене тап менен коштолгон экинчи фазасы пайда болот.

Оорунун мезгилдүүлүгү жана оорунун негизги белгилери

Оору кенелердин эң чоң активдүүлүгүнүн мезгили менен байланышкан жаз-күз мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгил (инфекция жуккан учурдан тартып оорунун алгачкы белгилери пайда болгонго чейин) адатта 1 күндөн 60 күнгө чейин термелүү менен 7-14 күнгө созулат.

Оору катуу башталып, чыйрыгуу, катуу баш оору, температуранын 38-39 градуска чейин кескин көтөрүлүшү, жүрөк айлануу, кусуу менен коштолот. Бейтапты көбүнчө моюн жана ийинде пайда болгон ооруксунуу, көкүрөк жана белдин арткы бөлүгүндө, буту-колдогу булчуңдардын оорушу тынчсыздандырат. Бейтаптын көрүнүшү: бети кызарып канга толуп (гиперемия), кийинчерээк ал тулку боюна тарайт.

Эгерде адамда жогоруда аталган оорунун белгилери болсо, анда дарылоо-профилактикалык уюмдарга тез арада медициналык жардамга кайрылуу зарыл.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылат?

Бардык адамдар жашына жана жынысына карабастан кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушу токойдо жүрүү менен байланышкан жарандарда (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, авто жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) жуктуруп алуу тобокелдиги жогору. Шаардын жашоочулары шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарда, бакчаларда жумуш жана эс алуу учурунда жуктуруп алышы ыктымал.

Табиятта кене чаккандан кантип сактануу керек?

Жаратылышка эс алууга чыкканда жабык, ачык түстөгү кийимдерди кийүү талапка ылайык. Кийимдин ичине кене кирип кетпеши үчүн шымды өтүктүн ичине же калың резинасы бар байпактарга кыстарып коюу керек. Үстүнкү кийимди (көйнөк, куртка) шымга шымдап, жең манжети колго жабышып турушу шарт. Баш жана моюн жоолук менен жабылышы керек.

Кенелерден коргонуу үчүн дененин ачык жерлерин жана кийимдерди курт-кумурсканы качыруучу аэрозоль, мазь, крем ж.б.(репелленттер) менен сүртүп алса болот.

Кене вирустук энцефалитинин табигый очогу болгон учурда ар бир 30 мүнөт сайын кийимди жана денени текшерип, кийимге жабышкан кенелерди түшүрүп туруу керек.

Үйгө кайтып келгенден кийин бардык кийимдерди чечип, баштын терисин кылдат текшерип, эс алуудан алып келинген жууркан, дасторкон, сумкаларды силкип, күнгө илип коюңуз.

Кененин көп жабышкан жерлери — кулак, көкүрөк, колтук, моюн, табарсык, курсак жана белдин ылдыйкы бөлүгү.

15.04.2024
Сасык тумоо жана КРВИ боюнча эпидемиологиялык абал

   Оперативдүү маалыматтар боюнча 2024-жылдын 15-жумасында (04.08-14.04.24) республика боюнча өткөн жумага (14-жума и.к. 58,9) салыштырмалуу КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 3775 (и.к. 53,2) катталып, -10%га төмөндөдү. Бардык оорулардын 69,6%ы 14 жашка чейинки балдар.

Октябрдан бери 2033 үлгү алынды, анын 317си оң, анын ичинде А тумоосунун 234 учуру - 73,8% (анын ичинде H3N2 –231, A/H1N1pdm-3), В грипп – 0,3% (1), COVID-19 –25,9% (82). Лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу менен шартталган.

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы бар, риновирус басымдуулук кылат – 32,2% (184), РС вирусу – 23,8% (136), I-IV парагрипп – 16,8% (96), башкалар – 27,2% (156).

Оорунун деңгээли республикалык көрсөткүчтөн (53,2-б.) жогору Бишкек (90,9), Ош (166,5) шаарларында жана Ысык-Көл (92,0), Баткен (67,2) облустарында катталууда.

Республикада COVID-19 инфекциясына жумалык мониторинг уланууда. 15-жума ичинде Бишкек шаарында 1 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

#грипп #эпидемиологиялык абал

15.04.2024
ОшМУнун базасында боор алмаштыруу операциясы жасалат

ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо пландалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУга болгон сапары учурунда айтты. Аталган клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат.

“Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга байланыштуу өлкө башчысы С.Жапаров Турциянын президенти менен сүйлөшүп, бул багытта кыргыз адистерин даярдоо жана көмөк көрсөтүү макулдашылган. Ага ылайык, ОшМУнун клиникасындагы боор алмаштыруу операцияларын жасоо үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштым. Клиникада бардык шарттар жеткиликтүү, болгону айрым техникалык аппараттарга буюртма берилиптир, май айында келери күтүлүп жатат. Буюрса ОшМУнун клиникасында дагы боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт”, - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев университеттин 7 кабаттуу медициналык клиникасынын курулуш иши менен таанышты.  Ак-Буура кампусундагы медицина факультеттерин, “Ден соолук” кербени, окуу-илимий лабораториялык комплекстерин, виртуалдык клиникаларды көрүп чыкты.

Министр университеттин медициналык клиникасында болуп, биохимиялык, клиникалык жана цитологиялык лабораториясы, санариптик флюорография кабинети, ультра диагностикалык изилдөө кабинети, жандандыруу жана операциялык бокс жана кардиохирургия бөлүмдөрүндөгү бейтаптар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.