Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри жана академик В.И. Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борборунун директору эне жана ымыркай өлүмүн азайтуу үчүн перинаталдык медицина жана телемедицина жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

17.02.2024 / Просмотров: 6848

2024-жылдын 15-февралында Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев академик В.И.Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борборунун директору Россия илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Геннадий Сухих менен жолугушту.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясы тарабынан каржыланган «Эне жана ымыркай өлүмүн азайтуунун жолдору» жана «Кош бойлуу аялдарга, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана балдарга стационардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу» эл аралык долбоорлорунун алкагында узак мөөнөттүү кызматташуу жана Кыргыз Республикасында В.И.Кулаков атындагы АГПУМИ борбору тарабынан жеринде уюштурулган симуляциялык тренингдерди камтыган семинарларды өткөргөндүгү үчүн үчүн терең ыраазычылык билдирди.

 

Академик В.И.Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борбору көп жылдардан бери Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагыартыкчылыктуу багыттарында илимий-методикалык жана билим берүү тармагында колдоо көрсөтүп келет.

 

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри биздин адистерди, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген адистерди акушердик, гинекология, перинатология жана неонатология, анын ичинде перинаталдык тукум куума ооруларды жана түйүлдүктүн кемтиктерин диагностикалоо, түйүлдүк медицинасынын заманбап аспектилери, перинаталдык клиникалык генетика, цитогенетика, гинекологиялык эндокринология, өспүрүмдөрдүн гинекологиясы жаатындагы инновациялык тажрыйбаларга окутууну улантуу маселесин көтөрдү. Ал өлкөдө практикалык саламаттыкты сактоонун алдыңкы, жогорку эффективдүү технологияларын окутуу жана ишке киргизүү Туруктуу өнүгүү максаттарына, «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын индикаторлоруна жетишүүгө, Кыргыз Республикасында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп бегиледи.

 

Академик Геннадий Сухих министрди билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү ниетине ишендирди, ошондой эле Кыргызстандагы бейтаптарды дарылоодо телемедициналык технологиялар аркылуу кеңеш берүү жана рационалдуу жабдуу, медициналык мекемелер тарабынан ресурстарды пайдалануу маселелеринде методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Акушердик жана неонаталдык оор шарттарга электрондук мониторинг системасын уюштуруу, стационардык аудит программасы, ар кандай деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана негизги түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин окутуу боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

 

Жогоруда айтылгандарга кошумча катары, үй-бүлөлүк себептер жана жумуштук шарттар менен Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтүүлөрдү милдеттүү медициналык камсыздандыруу же башка компенсация механизмдеринин эсебинен жеринде адекваттуу перинаталдык жардамга (кош бойлуулукка байкоо жүргүзүү, дарылоо, төрөт) жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды.

 

  Эки тарап тең бул маселени өкмөттөр аралык деңгээлде, түрдүү тармактардагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин алкагында жана эки өлкөнүн калкты коргоо маселелеринин артыкчылыктуулугун эске алуу менен кароону талап кылаарын белгилешти. Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо кызматына инвестиция салуу маанилүү жана пайдалуу, анткени ал жеке адамдын бакубаттуулугун жакшыртып, адамдардын репродуктивдүү укуктарын ишке ашырууга гана шарт түзбөстөн, саламаттыкты сактоо системасына энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган оорулары жоюуга сарпталган олуттуу ресурстарды үнөмдөөгө, аларды башка маанилүү көйгөйлөргө багыттоо мүмкүндүк берет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

13.04.2024
Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүп, бейтаптар үчүн жаңы жакшыртууларды тартуулады

 Бүгүн, 2024-жылдын 13-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып, андагы калкка баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна КР Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев жана борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев да барышты.

Оңдоо иштери 2023-жылдын төртүнчү кварталында башталып, бул үчүн бюджеттен 10,5 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Медициналык тейлөөнүн ыңгайлуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн регистратура кеңейтилди жана кабыл алууларды тезирээк түзүү үчүн, бейтаптардын суроо-талаптарына ыкчам жооп берүү үчүн жаңы компьютерлер орнотулду. Бул жерде санариптик чечимдер толугу менен колдонулат. Медициналык маалыматтарды ыңгайлуу жана коопсуз сактоо үчүн №6 ҮМБ электрондук медициналык картасын колдонууга өттү.

№6 ҮМБнын директору Асел Теңизбаева билдиргендей, алардын борбор катталган 102 миңдей  калкты, анын ичинен 24 миң жаш балдарды, 1700 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлеп, медицина кызматкерлери үчүн да, бейтаптар үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө колдон келгендин баарын жасап атканын белгилеп өттү.

ҮМБнын түзүмүндө «Катталбаган калкты кабыл алуу», шашылыш жардам көрсөтүү бөлмөсү, парафин терапиясы, физио-реабилитациялык бөлмө жана башка көптөгөн кызматтарды көрсөтүүчү жаңы кабинеттер уюштурулган. Мындан тышкары, №6 ҮМБ жаңы флюорография аппаратын сатып алды, имараттын бардык периметрине жана ичине видеокөзөмөл камералары орнотулду, кеңсе эмеректери жана кызматкерлердин ишин жакшыртуу үчүн жабдуулар алынып, ҮМБнын аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери да жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинети саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө, калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрүн жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатат. Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасы жана материалдык-техникалык жабдылышы жакшыртылып жатат. «Бир күн мурун Жалал-Абад облусунда эки жаңы оорукана пайдаланууга берилди. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан туруктуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде оорукананын жаңы имараттарын куруу, заманбап жабдуулар менен жабдуу жана автопаркты жаңылоо. Сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн бардык иштер жасалууда», - деди министр.

12.04.2024
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы курулган имаратын ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын жаңы курулган имаратын ачты.

Оорукананын курулушу 2023-жылдын май айында республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Аталган медициналык мекеменин үч кабаттуу имараты 100 орунга эсептелген. Жаңы имаратта терапия, неврология жана “жасалма” бөйрөк бөлүмдөрү жайгашкан. Жалал-Абад облустук ооруканасы 435 керебет менен жабдылган, облустун бардык райондорунан 1,2 миллион калкы бар бейтаптарды жана 135 миң калкы бар шаар тургундарын кабыл алат жана тейлейт.

Мамлекет башчысы катышуучуларды оорукананын жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, жарандардын ден соолугу мамлекеттик саясаттын приоритети экенин белгиледи. Ал оорукана ар кандай кызматтарды сунуштоо менен дартына даба издеп келгендердин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенет.


Садыр Жапаров мамлекет элдин ден соолугуна кам көрүү багытында биринчи кезекте алдын алуу иштерине көңүл бурууга жана мына ушундай заманбап медициналык имараттарды курууга милдеттүү экенин баса белгиледи. 2022-жылы медицина тармагына 207 атайын жабдык алынган. 218 тез жардам, 117 санитардык унаа, жалпы жонунан 335 автоунаа сатып алынган. Ал эми 2023-жылы болсо медициналык 30 объектиде курулуш иштери жүргүзүлдү: облустук ооруканалар жаңырды, перинаталдык борборго 222 млн сом акча каражаты бөлүнүп, курулушу башталды. Жер-жерлерде мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Садыр Жапаров өткөн жылы бөйрөктү алмаштыруу борборун ачылганын эске салып, боорду алмаштыруу борборун уюштуруу боюнча чечим кабыл алынганын айтты. Кыргызстанда  Түркиянын дүйнөгө аты угулган дарыгерлеринин тажрыйбасына таянып, улуттук борбор түзүлөт. Муну менен боорунан жабыркагандарды нечендеген жылдар бою түйшөлткөн маселе чечилет. Жылдын аягына чейин тиешелүү иштер башталат.

Мамлекет башчысы өткөн жылы Жалал-Абад облусунда 12 фельдшердик-акушердик пункт колдонууга берилгенин айтты. Бүгүн Жалал-Абад шаарында  жаңы 2 оорукананын имараты пайдаланууга берилип жатат. Акыркы эки жыл аралыгында өлкөбүздөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы ири реформалардын алкагында жалпысынан республика боюнча ооруканалардын шарт-жагдайларын жакшыртуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракети көрүлүп жатат. Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугуна кам көрүүчү негизги медициналык мекеме болгон облустук ооруканын эскилиги жеткен дарылануу корпустары жаңыланууда.
Садыр Жапаров үч кабаттуу даяр жаңы имарат пайдаланууга берүү алдында турганын, эми мындан ары жаны кейип, дартка даба издеп келген тургундар керектүү бардык шарттар түзүлгөн медициналык мекемеде дарыланып баштаарын белгиледи. Өмүр сакчылары болсо заманбап, жайлуу имаратта өз жумуштарын улантышмакчы.

Президент курулушка жумшалган каражат 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү багытында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 миллиард сомдун эсебинен жүргүзүлгөнүн маалымдай кетти. Шаарды өнүктүрүүгө каралган каражат калаанын инфратүзүмүн жакшыртуу, өндүрүш жайларын ачуу, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна жумшалды.

Мындан башка Мамлекет башчысы аталган 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен Жалал-Абад облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы заманбап имараты дагы курулду. Ал ошондой эле курулуп жаткан, көбү бүткөнү калган башка медициналык объектилер жөнүндө айтып берди. Жалал-Абад облусунда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жогорку темпте кетүүдө, аны жакшыртуу аракеттери мындан ары да улантыла бермекчи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров жаңы имаратты кыдырып, гемодиализ үчүн орнотулган атайын жабдууларды көрүп чыкты, медицина кызматкерлери менен баарлашты.

12.04.2024
КР Саламаттык сактоо министри Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн иши менен таанышты

12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнө барып, төрөттөн кийинки жана кош бойлуу аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.

Алымкадыр Бейшеналиев төрөт үйүн дары-дармек, материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо маселелери менен таанышып, бейтаптар менен баарлашты. Министр ошондой эле ОШ шаардык клиникалык ооруканасы көрсөткөн лабораториялык кызматтары менен да таанышты.

ОШ шаардык клиникалык ооруканасынын директору, Ош облусу боюнча саламаттык сактоо координатору Шаятбек Абдурахманов билдиргендей, алардын төрөт үйүндө жылына 11 миңге жакын төрөт катталат. Оорукананын материалдык-техникалык жабдылышы канааттандырарлык, керектүү дары-дармектер бар. «Биз бардык негизги лабораториялык анализдерди жасайбыз. Биз өзүбүз жасай албаган лаборатордук изилдөөлөрдү Бонецкий лабораториясына жөнөтөбүз. Алар Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында 50% арзандатуу менен кызмат көрсөтүшөт», - деп кошумчалады ал.