Copyright: ©

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Токтогулдагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

26.12.2023 / Просмотров: 5657

2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер Бүбүжан Арыкбаева Токтогул шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл борборунун вакцина сактоочу кампасын ачуу аземине катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында ишке ашты.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү үчүн желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы, коопсуздук жана өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Жаңы кампанын имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

«Инфекциянын жайылышын алдын алууда вакциналар негизги ролду ойнойт. Вакциналарды туура сактоонун маанилүүлүгү, өзгөчө муздак чынжырдын талаптарына ылайык, алардын натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылат. Вентиляция, жылытуу, электр менен камсыздоо жана коопсуздук системалары бар атайын кампаларды орнотуу вакциналарды сактоо үчүн оптималдуу шарттарды сактоого жардам берет, бул эмдөө программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу жана калктын ден соолугу үчүн өтө маанилүү”, - деп белгиледи Бүбүжан Арыкбаева.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул жана Ала-Бука, Жалал-Абад, Баткен шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунда, ошондой эле Ош областындагы Араван айылдагы, ошондой эле Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө бүткөрүлдү. Ал эми Кербен айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кампасынын курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».

04.10.2024
Кореялык офтальмологдор Чүй облусунун Жайыл районунун тургундарын бекер текшерүүдөн өткөрүп, операция жасашты

2024-жылдын 30-сентябрынан 4-октябрына чейин Чүй облусунун Жайыл районунда «Vision Eye Camp Kyrgyzstan» компаниясы тарабынан уюштурулган медициналык кайрымдуулук акциясы болуп өттү. Түштүк Кореядан текшерүүлөрдү жана операцияларды жүргүзүү үчүн 22 адис, анын ичинде үч офтальмолог-хирург келген.

Акциянын негизги максаты Чүй облусунун Жайыл районунун жана ага жакын аймактардын тургундарына офтальмология тармагында медициналык жардам көрсөтүү болду.

Адистер 600 бейтапты текшерип, анын ичинен 97 бейтапка катарактага операция жасалат. Ошондой эле акциянын алкагында бейтаптарга 500гө жакын көз айнек жана тамчылаткычтар бекер таратылды.

04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.

Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.