Энелерге, ымыркайларга жана балдарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жарым жылдык техникалык семинар башталды

24.11.2022 / Просмотров: 917

2022-жылдын 22-ноябрында орто жана жогорку деңгээлдеги он пилоттук саламаттыкты сактоо уюмунун арасында энелерге, ымыркайларга жана балдарга кам көрүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча үч күндүк жарым жылдык техникалык семинар башталды. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стационардык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорунун алкагында энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтуу жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын алкагында саламаттыкты сактоо жаатындагы милдеттерге жетишүүнү тездетүү максатында өткөрүлүүдө. Бул демилгенин негизги максаты - медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу аркылуу алдын алууга мүмкүн болгон энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн мүмкүн болушунча тез арада токтотуу үчүн улуттук саламаттык сактоо системаларынын потенциалын күчөтүү.

 

 Жарым жылдык техникалык кеңешме долбоор башталгандан бери экинчи жолу өтүп жатат жана пилоттук саламаттыкты сактоо уюмдарынын ортосунда топтолгон тажрыйба алмашууну стимулдаштырууга, эне менен баланын ден соолугун чындоодо кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн жогорку эффективдүү кийлигишүүлөрдү колдонуу боюнча жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган. Бул жолугушууда колдоо көрсөтүүчү кураторлук маселелери, медайымдардын жана акушерлердин ролу, ошондой эле медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга салым кошуучу негизги медициналык жабдуулардын болушу, колдонулушу жана сакталышы каралат.

 

"Долбоорду ишке ашырып жаткан мындай жолугушууларга он пилоттук оорукананын биргелешип катышуусу, прогрессти талкуулоо, үйрөнүү жана мыкты тажрыйбалар, кыйынчылыктар жана аларды жеңүү жолдору боюнча тажрыйба алмашуу медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуучу маанилүү форум болуп саналат", - деди жолугушууну ачып жатып ДССУнун миссиясынын лидери Доктор Мартин Вебер.

 

 Жарым жылдык семинардын жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү, ошондой эле 2023-жылга карата иш-чаралардын планын бекитүү үчүн долбоордун Улуттук жетектөөчү тобунун кезектеги отуруму 25-ноябрга белгиленди.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

19.04.2024
Кене вирустук энцефалиттин алдын алуу боюнча сунуштар

Республикада кене вирустук энцефалитинин (КВЭ) табигый очоктору бардык климаттык зоналарда аныкталган жана адам үчүн коркунучтуулугунун даражасына жараша белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында республика боюнча 156 адам кене чагып кайрылган. Анын арасында КВЭ жуктурган учур катталган жок. Чоң-Кемин, Кыргыз тоо кыркалары Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо айыл аймактарында жайгашкан очоктор олуттуу коркунучту жаратат.

Кене вирустук энцефалити кантип жугушу мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирус жуккан кенен чаккан алгачкы мүнөттөрүндө анын ооруну басуучу шилекейи менен кошо жугат:

• КВЭ боюнча эндемикалык аймактарга барууда (токойлордо, токой сейил бактарында, жеке бакча участокторунда);

• кенелер жаныбарлар (иттер, мышыктар аркылуу келгенде;

• кене энцефалити боюнчу коопсуз аймактарда эчкинин (көбүнчө), койдун, уйдун чийки сүтүн ичкенде, кенелердин массалык чабуул учурунда сүттө вирус болушу мүмкүн. Баса белгилей кетүүчү нерсе, чийки сүт гана эмес, андан жасалган азыктар (быштак, каймак ж.б.) да жугуштуу;

• вирусту териге сүрткөндө кенени эзгенде же чаккан жерди тырмаганда.

• Ушул себептен чийки сүт азыктарын кайнагандан кийин гана колдонуу керек.

Оорунун кесепеттери: толук айыккандан ден соолук көйгөйлөрүнө чейин, майыптыкка жана өлүмгө алып келет.

Кене вирустук энцефалитке ким кабылышы мүмкүн?

Жашына жана жынысына карабастан бардык адамдар кене энцефалитинин инфекциясына кабылышат. Жумушуна байланыштуу токойдо жүргөндөр (жыгач өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, геологиялык чалгындоо кызматтары, автомобиль жана темир жол куруучулар, мунай жана газ түтүктөрүн, электр линияларын куруучулар, топографтар, мергенчилер, туристтер) тобокел тобуна кирет. Шаардын жашоочулары жумуш жана эс алуу учурунда шаар четиндеги токойлордо, сейил бактарында, бакча участокторунда жуктуруп алышат.

19.04.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ысык-Көл облусундагы жаңы тез жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, тез жардам бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тамчы айылында «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен Тез медициналык жардам бөлүмүнүн (ТМЖБ) имараты курулуп, бүгүнкү күндө курулуш иштери 70-80%га бүткөрүлдү. Учурда ички жасалгалоо жана жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ысык-Көл облусунун Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Альмира Алдашеванын айтымында, ТМЖБнын 3 кабаттуу имаратынын курулушуна жалпы 40 млн сом сарпталды. Фонд биздин арызыбызды толугу менен жактырды жана курулуштан тышкары бөлүм бардык зарыл болгон медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылат. Кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулат. Мындан тышкары, Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан ТМЖБнын айланасында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

Министр өзгөчө туристтик сезондун алдында калкыбызды сапаттуу жана өз убагында медициналык жардам менен камсыздоодо Ысык-Көл облусунда тез жардам бөлүмүн уюштуруу чоң роль ойноорун баса белгиледи. Бөлүм өзгөчө кырдаалдар учурунда ыкчам жардам көрсөтүү менен чектелбестен, облустун калкынын жалпы ден соолугун чыңдоого да көмөктөшөт.

Тез медициналык жардам бөлүмүнүн расмий ачылышы жана ишке берилиши үстүбүздөгү жылы 20-майга пландалууда.

19.04.2024
Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 19-апрелде Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 350 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду 2025-жылга бүтүрүү пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлкан Молдобекова, Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

 

Министр өз сөзүндө ден соолукту чыңдоо, алдын алуу жана сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу азыркы дүйнөнүн эң маанилүү көйгөйлөрүнүн бири экенин, ошондуктан өлкөнүн мамлекеттик саясаты жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Өлкө калкынын саламаттыгы 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктарынын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө калктын саламаттыгына кам көрүү маселеси мамлекеттин көңүл борборунда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго терең ыраазычылык билдирем, анын колдоосу менен бул курулуш башталып, 600 миллион сомго жакын акча каражаты бөлүнүп жатат. Каракол шаарындагы жаңы облустук оорукананын курулушу облустун тургундарына көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатат».

 

Жалпы аянты 6200 м2 болгон 350 орундуу оорукана 5 блоктон турат, анда консультациялык-диагностикалык бөлүм, операциялык бөлмөсү бар хирургиялык жана травматология бөлүмдөрү, ЛОР, көз, терапия, онкология, балдар жана башка бөлүмдөр каралган, ошондой эле лаборатория, ашкана, кир жуучу жай, кампа ж.б. уюштурулат.

Мындан тышкары, оорукананын аймагында МОРГ, ТП, кислород станциясы, откана, автопарковка, генератор орнотулат.