Copyright: ©

Франция менен Кыргызстандын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагындагы ниеттер жөнүндө Декларацияга кол коюу жана Ысык-Көл облусунда телемедициналык долбоорду ишке киргизүү

15.10.2024 / Просмотров: 5430

15-сентябрда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Фай эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы кызматташуу ниети жөнүндө Декларацияга кол коюшту. Эки өлкө эне жана баланын саламаттыгын сактоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы инновациялар, анын ичинде санариптик саламаттыкты сактоо, саламаттыкты сактоо тармагындагы инвестициялык долбоорлорду колдоо, медициналык билим берүү, клиникалык жана профилактикалык медицинадагы фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү алдыга жылдыруу боюнча кызматташууну макулдашышты.

Медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жаатындагы алгачкы иш-чаралар Ысык-Көл облусунда C3Medical француз компаниясынын башкы директору Жером Суастьенин катышуусунда телеконсультациялар боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү менен башталган.

Франциянын Кыргызстандагы элчилиги HopiMedical компаниясынан мобилдик телеконсультациялар үчүн чечимин сунуштады. Туташтырылган заманбап аспаптар (электрокардиограмма, УЗИ, стетоскоп, отоскоп, кол камерасы, дерматоскоп) менен жабдылган бул чечим жалпы медицина, педиатрия, кардиология, акушердик жана гинекология, ЛОР, дерматология, вирусология боюнча консультацияларды алууга, ошондой эле өнөкөт ооруларга мониторинг жасоого мүмкүндүк берет. C3Medical француз компаниясы бул долбоордун үстүндө бир нече айдан бери Саламаттык сактоо министрлиги, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы жана Жети-Өгүздүн медициналык бригадалары менен биргеликте иш алып барууда.

Пилоттук долбоор 8 медициналык пунктта (ФАП) башталды: Тосор, Чоң Жаргылчак, Кызыл-Суу, Жон Булак, Богатырова, Мундуз, Боз Бешик жана Жеңиш. ФАПтан ФАПка өтүүчү телеконсультациялык чемодан ар бир ФАПты Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгерлери менен виртуалдык түрдө байланыштырууга мүмкүндүк берет. ФАПта бейтапты кабыл алган медайым бардык манипуляцияларды Каракол шаарындагы облустук ооруканадагы дарыгердин жетектөөсү алдында аткарат. Бул чечим бейтапка көп учурда керексиз же, тескерисинче, кеч болуп калганда узак жана кымбат сапарга чыгуу зарылчылыгын жокко чыгарат. Өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети, гипертония жана семирүү менен ооруган бейтаптарды  аралыктан алдын алуу жана көзөмөлдөөгө телеконсультация көмөктөшөт. Кош бойлуулук жана түйүлдүктүн өнүгүүсү да көзөмөлдөнөт.

Биринчи жыйынтыктар көңүл жылытаарлык. Командалар окуудан өткөндөн кийин бир айдын ичинде ФАПта 75тен ашык телеконсультациялар өткөрүлдү, анын ичинде кардиология боюнча 37%, неврология боюнча 37% жана эндокринология боюнча 26% телеконсультациялар берилди. Канаттануу деңгээли медайымдар жана дарыгерлер арасында 100% жана бейтаптар арасында 97%ды түзөт. Бейтаптардын 100% ы чемодансыз алар адиске кайрылмак эмес деп эсептешет, ал эми бейтаптардын 97% телемедицина системасынын аркасында адиске тезирээк кайрылдык деп эсептешет.

Франциянын телеконсультативдик жабдуусунун максаты айыл жеринде жана жетүүгө кыйын аймактарда диагностикага жана дарылоого түз жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Бул бардык улуттардын жалпы максатын ишке ашыруу — ар бир адамдын саламаттыгы.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту

2024-жылдын 29-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европа региондук комитетинин 74-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бейшеналиев 2024-жылдын июнь айында Президент Садыр Жапаровдун колдоосу астында Кыргызстанда өткөн Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча 1-Эл аралык форумдун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул иш-чара ДСУнун Европалык аймактык бюросу менен биргеликте Туруктуу өнүгүү максаттарына  жетүүгө салым кошкон инновациялык стратегияларды бөлүшүү жана мыкты тажрыйбаларды көрсөтүү үчүн маанилүү платформа болуп саналат. Министр форумду өткөрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ДСУга ыраазычылык билдирип, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн, ошондой эле санариптик саламаттык сактоо куралдарынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ДСУнун Башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Кыргызстандын калктын саламаттыгын жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган улуттук жана аймактык демилгелерин ишке ашырууда ДСУ мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

29.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 74-сессиясына катышууда, анда өлкөлөрдүн өкүлдөрү саламаттыкты сактоонун негизги көйгөйлөрүн жана артыкчылыктарын талкуулашууда.

Катышуучулар менен амандашып жатып, министр глобалдык чакырыктар шартында калк саламаттыгын чыңдоого жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган тажрыйба алмашуу жана стратегияларды талкуулоо аянтчасы катары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин сессиясынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын ДССУ менен кызматташуу жылдарындагы жетишкендиктерин белгилеп, өзгөчө 2024-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөн Борбордук Азиядагы саламаттыкты сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга өзгөчө басым жасады. Форумда саламаттыкты сактоого инвестициянын маанилүүлүгү жана анын Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү ролу белгиленди. Министр ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүнүн жана коомдук саламаттык сактоонун туруктуулугун чыңдоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

«Азыр бизге натыйжалуу жана адилеттүү саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн биримдик жана чечкиндүүлүк болуп көрбөгөндөй керек. Биргелешкен күч-аракет менен гана биз ар бир адам үчүн ден соолук жана бакубатчылык жеткиликтүү болгон туруктуу келечекке жетише алабыз”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

29.10.2024
ИНСУЛЬТ: КАН БАСЫМЫН ӨЗ ЧЕГИНДЕ КАРМАҢЫЗ!

29-октябрь Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Неврологдор бул ооруга алып келчү бир нече коркунуч факторлорун аташты. Кыргызстанда негизги фактор болуп, артериалдык кан басымдын жогору болушу саналат. Дээрлик ар бир бешинчи кыргызстандыктын кан басымы өйдө экенин неврологдор баса белгилешет. Андан кийин кант диабети, аритмия оорусу, семирүү, алкоголду ашыкча өлчөмдө ичүү, чылым тартуу жана башка факторлор кирет. 

Мындан улам инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек экенин дарыгерлер эскертишет. Алардын айтымында кан басымын өз чегинде кармоо зарыл. 

 

СОККУ - инсульттун алгачкы белгилерин таануунун жөнөкөй жолу болуп, мээ кан тамырынын иштешинин бузулуусуна тезинен чара көрүүгө мүмкүндүк берет. СОККУ төмөнкүдөй чечмеленет:

  1. Сүйлөө: Адамдан жөнөкөй сөз айкашын сураңыз. Сүйлөө начар же кыйын болсо, инсульттун белгиси болушу мүмкүн.
  2. Ооз: Адамдан жылмайышын сураныңыз. Инсульт болгондо жылмаюу кыйшык болуп, беттин бир жагы төмөн түшүп калышы мүмкүн.
  3. Кыймыл: адамдан эки колун көтөрүүнү сураныңыз. Инсульт учурунда бир кол өзүнөн өзү түшүп же такыр көтөрүлбөй калышы мүмкүн.
  4. Көрүү: Инсультка кабылган адамдын көрүүсү начарлап, бир зат эки болуп көрүнүшү ыктымал.
  5. Убакыт: Эгер сиз бул белгилердин жок дегенде бирин байкасаңыз, дароо тез жардам чакырыңыз. Бейтаптын өмүрүн сактап калууда убакыт маанилүү роль ойнойт.

Инсультка кабылган адамга медициналык жардамды канчалык тез көрсөтүлсө, анын өөмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот, андыктан дароо аракет кылуу маанилүү.