Кыргызстанда 30 жылда балдардын өлүмү 73 пайызга төмөндөдү

25.03.2022 / Просмотров: 1263

Кыргызстанда балдар өлүмүнүн деңгээли туруктуу негизде төмөндөп жатат. 2030-жылга карата «Ар бир ымыркай» Аракеттер планынын алкагында Кыргызстандагы неонаталдык өлүмдүн индикатору тирүү төрөлгөн 1000 ымыркайга 12 учурдан ашпашы керек. 

Бириккен Улуттар Уюмунун Ведомстволор аралык тобунун маалыматы балдар арасындагы өлүмдү төмөдөтүүдө байкалаарлык жылыштар бар экенин ырастайт. 2020-жылга карата баалоо маалыматында, Кыргызстанда балдар өлүмүнүн төмөндөшү 1990-жылдагы деңгээлге карата 73%ды түздү. Улуттук статистикалык комитети жарыялагандай, акыркы он беш жылда Кыргызстан жалпысынан алганда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында өлүмдү кыскарта алды (2004-жылдагы 19,0дөн 2020-жылы 12,7ге чейин). Аны менен бирге бала төрөлгөндөн бир жума ичиндеги өлүм 40%га, ал эми өлүк төрөлүү 32,6%га төмөндөдү. 

Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону өнүктүрүү жана медициналык техника борборунда өткөн «Эне менен баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» төрт жылдык долбоорунун жыйынтыгын чыгарган тегерек столдо айтылды. Иш чарага КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги, ЮНИСЕФтин, саламаттыкты сактоо жана билим берүү уюмдарынын, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, профессионалдык медициналык жамааттардын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты. Долбоордун бюджети 3,5 млн АКШ долларын түздү жана Жапон Өкмөтү тарабынан каржыланды. 

Энелик менен баланы коргоо системасын бекемдөө үчүн 5 негизги интервенция киргизилди: 

  • Медкызматкерлердин 0-5 жаштагы балдарга сапаттуу кызматтарды көрсөтүү потенциалын күчөтүү, анын ичинде эрте аныктоо жана кийлигишүү;
  • Ымыркайлардын өмүрүн сактап калуу үчүн медициналык жабдууларды берүү;
  • Саламаттыкты сактоо уюмдарын оңдоо жана шарттарын жакшыртуу;
  • Алыскы аймактардагы медициналык кызматкерлер менен облустук же улуттук саламаттыкты сактоо уюмдарынын дарыгерлеринин профессионалдык байланышын камсыздоо үчүн баштапкы деңгээлде телемедицинаны киргизүү жана сыноо;
  • Постнаталдык аралыкта балдарды үйдө кароонун жаңы ыкмаларын киргизүү. 

Ошондой эле иштелип чыккан протоколдорду, эл аралык сунуштарды, башка өлкөлөрдүн натыйжалуу практикаларын эске алуу менен, «Кенже курактагы балдардын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык колдонмону» киргизүү, «Ымыркайлардын өнүгүү таржымалын»  (№097/у формасын) толугу менен кайра карап чыгуу башталды. 

Жылышка карабай, республикада жыл сайын 2000дей ымыркай төрөлгөндөн бир айга жетпей чарчап калат, 1400дөн ашык ымыркай өлүк төрөлөт (дүйнөлүк деңгээлде неонаталдык өлүмдүн 2,4 млн учуру, өлүк төрөлүүнүн 2,0 млн учуру катталат). 

«Эне менен баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» долбоору КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы иш чаралардын планынын алкагында жүзөгө ашырылды. Долбоор Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын 23 пилоттук саламаттыкты сактоо уюмунда жана сыноолордун туруктулугун камсыздаган стратегияларды, нормативдик документтерди иштеп чыгуу аркылуу улуттук деңгээлде ишке ашырылды. 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

29.03.2024
Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунда мамлекеттик аптека ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунун базасында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын базасында «Эл Аман» мамлекеттик аптекалар тармагынын ачылышы өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу дары-дармек менен камсыздоого умтулуу экендигин белгиледи. Мамлекеттик аптека өлкөдөгү жеке дарыканаларга салыштырмалуу 10-15% арзандатылган жеткиликтүү баада дарылардын кеңири спектрин сунуштайт.

Курортология жана реабилитациялык дарылоо кыргыз илимий-изилдөө институтунда жылына 15 миңге жакын бейтап дарыланып, Таш-Дөбө, Бер-Булак, Кашка-Суу, Байтик, Арчалы, Арашан айылдарынын тургундары керектүү дары-дармектерди ҮДТнын дарыгерлери жазып берген рецепт боюнча сатып ала алышат.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча жалпысынан 78 мамлекеттик дарыкана иштеп, калкты жеткиликтүү баада дары-дармек менен камсыз кылууда.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

2024-жылдын 27-мартында Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Токтоназарова Алина Эсентуровна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Ал өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө өчпөс из калтырды.

Эмгек жолун 1998-жылы санитардык агартуу бөлүмүндө санитардык врач болуп баштаган, 2003-жылдан тартып Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда тамак-аш гигиенасы боюнча санитардык дарыгер кызматын аркалаган. 2009-жылы Ысык-Көл облустук оорулардын алдын алуу борборунда мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-жылы санитардык бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын башкы санитардык көзөмөл адиси болуп дайындалган. 2013-жылы Ысык-Көл райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна санитардык дарыгер болуп кайтып келген.

2021-жылы Ысык-Көл райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болуп дайындалып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин баа жеткис эмгегин улантты.

 

Анын кесипкөйлүгү, ишке берилгендиги жана жарандардын ден соолугуна болгон камкордугу кесиптештеринин эсинде түбөлүккө сакталат. Анын дүйнөдөн кайтканы бул керемет инсанды билген жана баалаган ар бир адам үчүн орду толгус жоготуу.

Токтоназарова Алина Эсентуровнанын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Джангазиев. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин эмгек жамааты.

28.03.2024
НЕКРОЛОГ

Саламаттыкты сактоо системасы, анын ичинде Эне жана баланы коргоо улуттук борбору орду толгус жоготууга учурады. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун мурдагы директору, медицина илимдеринин доктору, илимий кызматкер Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 51 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Маймерова Гүлзат Шаршенбековна 1973-жылы 2-июнда Бишкек шаарында туулган. Гүлзат Шаршенбековна 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын ийгиликтүү аяктап, 2010-жылы илимий ишмердүүлүгүн баштап, медицина илимдеринин кандидаты, 2016-жылы ага илимий кызматкер наамы ыйгарылып, 2018-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон.

   Мугалимдик эмгек жолун 2015-жылы баштаган, ал учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординаторлордун жетекчиси болгон. 2019-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы дипломдон кийинки билим берүүнүн координациялык кеңешинин катчысынын милдетин аткарып, жалпы практикадагы ординаторлордун күндөлүгүн түзүүгө активдүү катышкан.

2016-жылдан тарта Г.Ш.Маймерова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары кызматына дайындалгандан кийин 20 жылдан бери биринчи жолу балдар хирургиясы боюнча кандидаттык диссертация корголгон. Ошондон бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун «Эне жана баланы коргоо» илимий журналында педиатрия, балдар хирургиясы жана акушердик-гинекология боюнча редактордун орун басары болуп эмгектенип келген. Гүлзат Маймерованын жигердүү ишинин натыйжасында 2020-жылдан баштап бул журнал Россия Федерациясынын Россиянын илимий цитаталар индексинин базасына киргизилген.

Жогорку категориядагы дарыгер, саламаттыкты сактоонун “Эмгек сиңирген ишмери” Гүлзат Шаршенбековна 2018-жылы Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги,калктын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы, ошондой эле активдүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ардак Грамотасы” менен сыйланган. Ал мыкты сапаттарга ээ, өзүнө коюлган милдеттерди тез жана сапаттуу чече билген тажрыйбалуу адис эле.

   Гүлзат Шаршенбековнанын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөбүз!

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Медербек Исмаилов, министрдин орун басары Айжамал Шамбетова, министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, министрдин орун басары Бакыт Жангазиев.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери.